Султанбай Айжигитовдун иши: Шаардык сот айып пул салды, саясатчы Жогорку Сотко арызданарын айтты

Айжигитов

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкек шаардык соту 16-марттагы отурумунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитовго УКМК тарабынан ачылган кылмыш ишин карап, биринчи инстанциядагы сот өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык, саясатчы 500 миң сом айып пул төлөшү керек.

Айжигитов эмдигиче сот өкүмүн колуна ала электигин айтып, Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрыла албай жатканын Би-Би-Сиге билдирди.

"Эреже боюнча өкүмдү колго беш күн ичинде алышым керек эле, он күндөн ашты дале жок", - деди ал.

2025-жылы 5 мартта парламентте кыргыз-тажик чек арасын тактоо долбоорун ратификациялоо маалында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышканы үчүн саясий куугунтукка кабылдым деген Султанбай Айжигитов кылмыш иши негизсиз ачылган деп эсептейт.

Атайын кызмат экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексининин 337-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" айыбы менен былтыр иш козгогон. УКМК мурдагы депутат жубайын Жогорку Кеңештин аппаратына жумушка мыйзамсыз киргизип, бюджетке 3,2 миллион сом зыян келтиргенин жүйө кылып, аны 3 миллион сомдук айып пулга жыгууну жана он бир жыл эркинен ажыратууну суранган. Айжигитов айыптоолорду четке кагып келет.

"Ошол берене менен бизде кылмыш окуясы жок. Мен жана жубайым ал берененин субъектиси эмеспиз. Кантип мага иш козгошту? Мага карата 6 том кылып жазып, УКМКнын тогуз тергөөчүсү мага каршы ушактарды жыйнаган. Ишти караган тергөөчү эки жолу отвод берген, үчүнчү жолкусунда күчкө салып, кылмыш ишин козготушкан", - дейт Айжигитов. Ал Бишкек шаардык соту бул жолкусунда оңунан чечим чыгарат деп күтүп жатканын, бирок андай болбой калганын да кошумчалады.

Биринчи инстанциядагы сот аны күнөөлүү деп таап, 500 миң сомдук айып салган.