Тил сынагынан бошотуу, миграциялык мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү. Спикер Орусияда дагы эмнелерди сунуш кылды?

Сүрөттүн булагы, jogorkukenesh
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Маматалиев энергетика, инвестиция, транспорт, өнөр-жай жана айыл чарба өңдүү приоритеттүү тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүү, маданий-гуманитардык байланыштарды да чыңдоо керектигин айтып өттү.
Ошондой эле спикер Орусиядагы кыргызстандыктарга байланыштуу бир нече маселе боюнча сунуштарын киргизди:
- Коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу;
- «Амина» санариптик каттоосун кеңейтүү;
- Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу шарттарын жакшыртуу;
- Мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотуу;
- Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүү;
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
- ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу.
Спикер өз сөзүндө Орусиядагы кыргызстандык мирганттарар кабылып жаткан көйгөйлөргө токтолуп, аларды чечүү зарылдыгын айтты.
"Биз коопсуз, жөнгө салынган жана мыйзамдуу эмгек миграциясына, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоого кызыкдарбыз. Москва шаарында жана Москва облусунда «Амина» тиркемеси аркылуу санариптик каттоону киргизүү оң натыйжасын берди, ошондуктан аны башка региондорго этап-этабы менен жайылтып, балдарды да каттоого алууну сунуштайбыз. Эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына жетүүсү дагы эле актуалдуу бойдон калууда, ошондуктан ЕАЭБдин талаптарын эске алуу менен өз ара алгылыктуу чечим табуу маанилүү. Орус тилинин статусун жана учурдагы практиканы эске алып, кыргызстандыктардын балдарын Орусиянын мектептерине кабыл алууда тилдик тестирлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууда кыйынчылыктар сакталып жатат, андыктан процедураларды жөнөкөйлөтүү жана Орусиядан чыгып кетпестен көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу механизмин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз. Ошондой эле өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана талаптарды катуулатуу сыяктуу жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн колдонулуп жаткан жеңилдиктерди сактоо, ошондой эле эл аралык жүк ташуучулар үчүн өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн узартууну колдоо маанилүү деп эсептейбиз», – деп түшүндүрдү Марлен Маматалиев.
Ал эми Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин да кызматташуунун ар кандай форматтарын колдонуу менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилени өнүктүрүүнү улантуу керектигине токтолду.
«Көп жагынан эки мамлекеттин алакасындагы динамиканы өлкө башчылары аныктайт. Бирок биз дагы өз тарабыбыздан жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек», – деди Вячеслав Володин.
Мындан сырткары, «Олуттуу маселелер жаралган учурда да биз биргелешкен чечимдерди таба алдык. Ар дайым ачык диалог аркылуу мамилелерди чыңдоого умтулдук. Натыйжада өз ара ишенимге негизделген кызматташтыктын алкагында жакшы жыйынтыктарга жетишип жатабыз. Алсак, өткөн жылы эле эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 25%га өстү. Россия бул багытта Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат», – деп кошумчалады Володин.
Расмий жолугушуу аяктагандан кийин дароо Вячеслав Володин тиешелүү тармактык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө жана ведомстволордун жетекчилерине көтөрүлгөн маселелер боюнча жыйынтыктоочу чечимдерди иштеп чыгууну тапшырганы айтылды.
Январда Вячеслав Володин миграция саясатына байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору иштелип жатканын Телеграм каналына жазган. Маалыматка ылайык, 30 күндөн ашык мөөнөткө сырттан келген жаран мурункудай 90 эмес, бир ай ичинде медициналык кароодон өтүшү керек.
Медициналык уюмдар медициналык кароонун жыйынтыгын ИИМге тапшырат.
Эгер мигранттарда жугуштуу оорулар аныкталса, бул тууралуу Роспотребнадзорго чукулунан маалымат берүү шарт. Жугуштуу оорусу бар мигранттар токтоосуз Орусиядан депортацияланат.
Эгер мигрант медициналык кароодон өтүүдөн баш тартса, бул үчүн айып пул каралат, ошондой эле соттун чечими менен өлкөдөн чыгарууга болот. Эгер медициналык текшерүүдө оорусу аныкталып, бирок аны жашырууга аракет кылып документтерди жасалмалоо фактысы аныкталса, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Орусияда мигранттардын үстүнөн көзөмөл барган сайын катаалдашууда.
Соңку бир жылдын ичинде бийлик "мыйзамсыз мигранттардын" реестрин киргизип, балдарды мектепке кабыл алуу шарттарын катаалдаштырып, полицияга мигранттарды соттун чечими жок эле өлкөдөн чыгаруу укугун берген.
Мындан тышкары Москвага жана облуска кирип-чыккан мигранттардын кыймылын көзөмөлдөгөн тиркеме иштей баштаган. Украинадагы согуш уланып, рубль кунун жоготуп жаткан шартта Орусияда иштөө ансыз деле жагымдуу болбой калган эле. Ал эми мындай жаңы чектөөлөр менен барган сайын көбүрөөк борборазиялыктар башка өлкөлөргө, анын ичинде Европага да ыктай башташты.
Орус бийлиги бул чаралардын баарын мыйзамсыз мигранттар менен күрөшүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу зарылчылыгы менен түшүндүрүп келет.



























