BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Ысык-Көлдө ири жол кырсыгынан алты адам каза болду
27-мартта болжол менен саат 15:00дө Ысык-Көл районунун Ананьево жана Кожояр-Ата (Семеновка) айылдарынын ортосунда алты адамдын өмүрүн алган каргашалуу жол кырсыгы катталды.
Таймурас Ташиев "Томми молл" боюнча ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айткандарына жооп берди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Томми молл" соода борбору боюнча билдирүү таратты.
Перс булуңундагы өлкөлөр эмне үчүн Ирандан өч албай жатышат?
АКШ жана Израилге каршы согуштун бир бөлүгү катары Иран Перс булуңунда ракеталык соккуларды урууну улантып жатат. Азырынча Катар жана Перс булуңундагы башка өлкөлөр кайра-кайра бутага алынганына карабастан Иранга каршы жооп кайтарбай турууну чечкен. Алар эмне үчүн сокку уруудан карманып жатышат жана канткенде алар иш-аракетке өтүшү ыктымал?
"Томми молл" батирдей эле бааланып кеткен". Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президентке кайрылды
Кыргызстанда иш козголуп, бир нече жылдан бери чет өлкөдө жүргөн белгилүү ишкер, "Аю" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбук баракчасы аркылуу мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылды. Анда ал өзүнө таандык болгон Бишкектеги белгилүү эки ири соода борборунун тагдыры жана мамлекеттик органдардын чечимдеринин адилеттүүлүгү боюнча маселе көтөрдү.
АКШнын мамкатчысы: Иран менен согуш дагы төрт жумага созулушу мүмкүн
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Парижде өткөн "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Иран менен согуш дагы экиден төрт жумага чейин созулушу мүмкүн экенин билдирди. Жолугушуудан кийин журналисттерге сүйлөп жатып, ал Вашингтон Украина үчүн каралган курал-жарактарды Жакынкы Чыгышка кайра багыттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын да айтты.
Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" иши боюнча актоо өкүмүн чыгарды
Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып жаткандарды актап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Тил сынагынан бошотуу, миграциялык мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү. Спикер Орусияда дагы эмнелерди сунуш кылды?
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
Жогорку Кеңеш: жабык эшик артындагы оюндар, саясий интригалар
Кыргызстандагы соңку саясий окуялардын эпкини Жогорку Кеңешке көбүрөөк тийди көрүнөт. Парламент төрагасы баш болуп, кеминде сегиз депутат мандатын тапшырып кетти. Баары "өз каалоом менен" деп арыз жазганы менен бир да депутат эмнеге кетип жатканын так, ачык түшүндүргөн жок. Айрымдары ден соолукка байланыштуу деп жүйө келтирди. Башкалары "саясий туруктуулук", "элдин тынчтыгы" деген жалпы сөздөр менен чектелди.
"Айдама эмес, колду узартат". Эмнеге Бишкекте филиппиндик үй кызматчыларга суроо-талап өсүп жатат?
42 жаштагы филиппиндик айым Рэтчел Кыргызстанга келгенине үч ай эле болду. Учурда ал 34 жаштагы төрт балалуу жергиликтүү ишкер айым Аселдин колун узартып жаткан чагы. Рэтчел буга чейин Сауд Арабияда, анан Гонконгдо иштеген, соңку иштеген жери жакпай калып, эми ал бир жылдык келишим менен Бишкекке келди.
Күндүн видеосу
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
"Эркимден ажырап отурсам да ырларым ырдалып жатат". Акын Аскат Жетигендин абактан жазган каты жарыяланды
Учурда камакта жаткан белгилүү акын, композитор жана активист Аскат Жетигендин абактан жазган каты жарыяланды. Аны укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Фейсбук баракчасына чыгарды. Укук коргоочунун айтымында, Аскат Жетиген абактагыларга комуз үйрөтүүдө.
Трамп Ирандын энергетикасына сокку урууну 10 күнгө токтотту
АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну 10 күнгө токтотууну чечкенин билдирди. Анын айтымында, бул чечим Иран өкмөтүнүн суранычы менен кабыл алынган, бирок Тегеран мындай сураныч болгонун четке кагууда.
Камактан чыккан Эрнис Жээнтаев: Балдарымды көргөнүмө кубанып жатам
Фейсбук баракчасында бийликти сындаганы үчүн алты жылга соттолгон гезит дизайнери Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен сот залынан бошотулду. Жээнтаев Би-Би-Сиге кыска маек берип, журналистикада ишин уланта берерин, азырынча ден-соолугун калыбына келтиргиче ишке чыкпай туранын билдирди.
"Ташиев менден өчүн катуу алды": "Шакинин" мемуары
Курамына 40кка жакын орто жана чакан бизнести камтыган "Аю холдингдин" мурдагы жетекчиси, учурда бозгундагы ири ишкер Шаршенбек Абдыкеримов өткөн-кеткенди эстеп, Интернет айдыңында Лондондон саясий мемуарларын жазып жатат.
Видео, “Күнүнө 600 миллион доллар түшпөй калды”. Туристтерди чочуткан согуш, Узактыгы 3,28
АКШнын жана Израилдин Иран менен согушу Перс булуңундагы туризм тармагын да аксатып койду.
Ирандын ракеталары Европага чейин жетеби?
Ирандын ракеталары болжолдонгондон кыйла алыс аралыкка учууга жөндөмдүүбү?
"Бул Москвага ишарат". Анголада орусиялыктар тыңчылыкка айыпталууда
24-мартта Анголада тыңчылык, террорчулук жана паракорлук боюнча айыпталган эки орусиялыктын соту башталды. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар жана өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн алты кесиптеши "Африкалык саясат таануучулар" долбоору менен байланышта болушкан.
Шаирбек Ташиев ИИМге күбө катары суракка барып жатканы кабарланды
Мурдагы депутат Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигинде "Кыргызнефтегаздагы" коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суралып жатат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге анын тарапташы Орозбек Осмонов билдирди.
"Камаларыма кайыл болуп баратам". "Оргтехстройдун" башчысы АКШдан келгенде кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында "Оргтехстрой" фирмасынын башкы директору кармалганын билдирди. Ишкер Канатбек Исмаилов өткөн жумада АКШдагы журналист Кубат Оторбаевге маек берип, камаларына кайыл болсо да, Кыргызстанга бара жатканын билдирген.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.



















































