Темирлан Султанбеков: "Сот тергөөдөгү мыйзам бузууларды аныктады"

Темирлан Султанбеков

Сүрөттүн булагы, facebook

Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөө иштеринде мыйзамдын сакталышын талап кылган билдирүү жасады. Бул тууралуу анын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Маалыматта 14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту тергөө мыйзамды бузуп жатканын аныктаганы жазылат.

"Темирлан Султанбековго милдеттүү процессуалдык документтер тапшырылган эмес, анын айыпталуучу катары укуктары системалуу түрдө көңүл сыртында калган. Жарым жыл ичинде анын күнөөсүн кандайдыр бир деңгээлде тастыктай турган бир дагы тергөө аракети жүргүзүлгөн эмес" , - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, билдирүүдө саясий куугунтук болуп, адамдардын мыйзамсыз камакта кармалып жатканы айтылат. Ошондой эле, аталган иштин үстүндө 36 тергөөчү иштеп, тергөөнүн жүрүп жатканына жалпы сегиз айдын ичинде сот үч жолу жылдырылганы белгиленет.

"Мыйзамдын тезинен сакталышы, тергөөдө имитация эмес, реалдуу иликтөө жүрүшү жана далилдерсиз камакта кармоо практикасынын токтотулушу зарыл. Мыйзам баары үчүн иштеши керек",-деп жазылган билдирүүдө.

Биринчи май райондук соту 13-мартта Темирлан Султанбековдун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана алардын тарапташы Эрмек Эрматовдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-майга чейин узарткан.

2025-жылдын 22-ноябрында күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, ондой адамды кармаган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогорку Кенештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов жана Кубанычбек Кадыров, саясатсы Урмат Барктабасов да бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" (278-беренеси) жана "Бийликти күч менен басып алуу" (326-берене), "Кылмышка даярдык көрүү" (36-берене) беренеси боюнча айып тагылган.

Кылмыш ишин козгоого саясатчы Темирлан Султанбековдун катышуусундагы видеожазуу себеп болгон, андан кийин ИИМ тергөө-ыкчам иш-чаралары башталганын кабарлаган.

Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ "белгисиз жаран" катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.

Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун билдирген.

Ошондой эле саясатчылардын жана журналисттердин үй-бүлөлөрүндө, анын ичинде мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаеванын, Темирлан Султанбековдун туугандарынын жана журналист Дмитрий Ложниковдун үй-бүлөсүндө тинтүүлөр жүргүзүлгөн.

Кийинчерээк алардын айрымдары — Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов жана дагы жети адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Сурактын башка катышуучулары, анын ичинде Адахан Мадумаров жана Сыймык Жапыкеев тергөөчүлөр менен сүйлөшкөндөн кийин коё берилген.

Көп өтпөй, Шайлообек Атазов жана Кубанычбек Кадыров баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкканы белгилүү.