Раиса Атамбаева ИИМге суракка барганы айтылды

Раиса Атамбаева

Сүрөттүн булагы, oficcial

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ИИМдинТергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын кызы Алия Шагиева 17-апрелде өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, сурак саат 17:00гө белгиленген жана ал ал жакка өзүнүн жактоочусу Сергей Слесарев менен кеткен.

"Биз сурактын себебин билбейбиз", - деп белгилеген Шагиева.

Көп өтпөй, экс-президенттин кызы апасы сурактан келгенин жазган.

Ички иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

2025-жылдын 22-ноябрында күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, ондой адамды кармаган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогорку Кенештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов жана Кубанычбек Кадыров, саясатсы Урмат Барктабасов да бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" (278-беренеси) жана "Бийликти күч менен басып алуу" (326-берене), "Кылмышка даярдык көрүү" (36-берене) беренеси боюнча айып тагылган.

Кылмыш ишин козгоого саясатчы Темирлан Султанбековдун катышуусундагы видеожазуу себеп болгон, андан кийин ИИМ тергөө-ыкчам иш-чаралары башталганын кабарлаган.

Ошондой эле саясатчылардын жана журналисттердин үй-бүлөлөрүндө, анын ичинде мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаеванын, Темирлан Султанбековдун туугандарынын жана журналист Дмитрий Ложниковдун үй-бүлөсүндө тинтүүлөр жүргүзүлгөн.

Кийинчерээк алардын айрымдары — Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов жана дагы жети адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Сурактын башка катышуучулары, анын ичинде Адахан Мадумаров жана Сыймык Жапыкеев тергөөчүлөр менен сүйлөшкөндөн кийин коё берилген.

Көп өтпөй, Шайлообек Атазов жана Кубанычбек Кадыров баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкканы белгилүү.