Казакстандын жана Кыргызстандын Эл акыны Мухтар Шаханов дүйнөдөн өттү

Сүрөттүн булагы, Social media
19-апрелде 83 жаш курагында Казакстандын эл жазуучусу, акын, драматург, Казакстандын Эмгек Баатыры жана Кыргызстандын Эл акыны Мухтар Шаханов каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги маалымдады. Буга чейин акындын оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы кабарланган эле.
Президент Садыр Жапаров Мухтар Шахановдун каза болгонуна байланыштуу Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтуу телеграммасын жиберди.
Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө бул жоготуу бир гана казак эли үчүн эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү жана кыргыз эли үчүн орду толгус экендигин белгилеген.
Садыр Жапаров Мухтар Шахановду "кыргыз элинин калк агасы, таянар тоосу" катары сыпаттап, анын дүйнө салуусу менен бүтүндөй бир доор кеткенин айтты.
"Мухтар ага боордош казактын эле эмес, калдайган кыргыз элинин дагы калк агасы, таянар тоосу эле. Демек, кыргыз журтчулугу дагы бир аскар тоосунан, дагы бир рухий таянычынан ажырап, бир капталы эңшерилип, жүрөгү канап турган учуру. Мындай залкар инсандардын келбес жайга кетишин элибизде "билгенге бүтүндөй бир доор кетти" деп коюшат. Чындыгында эле Мухтар аганын акка моюн сунушу менен бүтүндөй түрк ааламынан бир доор кетти, аттиң дүйнө..." деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.
Мухтар Шаханов 1942-жылы 2-июлда азыркы Түркстан облусунун Каскасу айылында туулган. Анын адабият айдыңындагы алгачкы кадамы 50-жылдардын аягында башталып, жалпы 30дан ашык поэтикалык жыйнакты окурмандарга тартуулаган.
Залкар акын кыргыз элинин дүйнөгө белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жакын дос жана чыгармачылыкта үзөңгүлөш болгон. Алар биргелешип "Аскада калган аңчынын ыйы" аттуу эссе-китебин жана "Сократты эскерүү түнү" драмасын жаратышкан.
Мухтар Шаханов СССРдин жана Казакстандын эл депутаты болуп шайланып, казак демократиясынын башатында турган инсандардын бири болгон.
1989-жылы СССР парламентинин депутаты катары 1986-жылдагы "Желтоксан" окуяларына саясий баа берүү маселесин алгачкылардан болуп көтөрүп, жаштардын укугун коргоодо кайраттуулук көрсөткөн.
Эгемендүүлүк жылдарында Казакстандын Мажилис депутаты болгон. 1993-2003-жылдары Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп, эки элдин достугун бекемдөөгө салым кошкон.
Көп жылдар бою "Жалын" журналын жетектеп, казак тилинин жана улуттук мурастардын башкы коргоочусу катары таанылган.
"Ал коомдук татаал маселелерге үн кошуп, өлкөнүн жана жердин тагдыры тууралуу терең жана жалындуу ойлорун айтып, өзүнө гана мүнөздүү бийик жарандык позициянын үлгүсүн көрсөткөн. Мухтар Шахановдун кайраттуу мүнөзү, бийик руху, адилеттүүлүктү коргоодогу туруктуулугу жана улуттук кызыкчылыктарга берилгендиги элдин эсинде түбөлүккө сакталат", — деп айтылат Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги тараткан маалыматта.
































