Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" иши боюнча актоо өкүмүн чыгарды

Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып жаткандарды актап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Бул күнү тараптар жарыш сөздөрүн сүйлөштү.
Отурумдун жүрүшүндө прокурорлор Кемпир-Абад ишин кароону кайрадан райондук сотко жиберүүнү өтүнгөн.
Ал эми айыпталуучулар судьядан өздөрүн актоону суранышкан.
Бул иш боюнча Мамбетжунус Абылов, Айданбек Акматов, Нурлан Асанбеков, Акылбек Айтбаев, Азимбек Бекназаров, Марат Баязов, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Атай Бейшенбек уулу, Равшан Жээнбеков, Гүлнара Журабаева, Чыңгыз Капаров, Рита Карасартова, Жеңиш Молдокматов, Улукбек Маматаев, Темир Махмудов, Таалайбек Мадеминов, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева, Илгиз Сарылдык уулу (Илгиз Шаменов), Шабдан Али айыпталып жатышкан.
2022-жылдын мамлекеттик чек араны тактоо боюнча Өзбекстан менен түзүлгөн келишим саясий жаңжалды жараткан. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин берилишине каршы болгон 27 адам - белгилүү саясатчылар, активисттер жана укук коргоочулар 2022-жылдын октябрь айында кармалган. Алар "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери менен айыпталган.
Бул кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф берилгендиктен, соттук териштирүүлөр жабык эшик артында өтүүдө. Ошондой эле айрым айыпталуучуларга карата козголгон иштер өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп берилген.
2024-жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту бул иш боюнча айыпталган 27 адамдын 22син актап, тергөө абагында кармалып келген сегиз айыпталуучуну сот залынан бошоткон. Акталгандар мындай чечимди күтпөгөнүн билдирип, сот адилет чечим чыгарганын айтышкан.
Бул чечимге макул болбогон мамлекеттик айыптоочулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, иш ошондон бери жогорку инстанцияда каралып келген.
Айыпталып жаткандар коюлган киненин баарын четке кагып, муну саясий куугунтук катары сыпаттап келишкен.



























