"Томми молл" батирдей эле бааланып кеткен". Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президентке кайрылды

"Томми молл" соода борбору

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Томми молл" соода борбору
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда иш козголуп, бир нече жылдан бери чет өлкөдө жүргөн белгилүү ишкер, "Аю" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбук баракчасы аркылуу мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылды. Анда ал өзүнө таандык болгон Бишкектеги белгилүү эки ири соода борборунун тагдыры жана мамлекеттик органдардын чечимдеринин адилеттүүлүгү боюнча маселе көтөрдү.

Ишкер "Аю Гранд Комфорт" соода борбору объективдүү бааланып, Социалдык фонддун балансына өткөрүлгөнүн билдирген. Абдыкеримов бул чечимди адилеттүү деп эсептей турганын жана өткөн мезгилдеги каталары үчүн жоопкерчиликти моюнга аларын айткан. Учурда борбордон түшкөн киреше пенсионерлерди колдоого жумшалып жатканын кубаттаган.

Ал эми "Томми молл" соода борбору, ишкердин айтымында, өтө арзан - "3-4 бөлмөлүү батирдин баасындай" бааланып кеткен.

"Мендеги маалыматтарга караганда, аталган объект өтө төмөндөтүлгөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин баасындай эле бааланып, кийинчерээк Камчыбек Ташиевдин жубайынын чөйрөсүнө байланышы бар адамдарга өтүп кеткен. Буга байланыштуу сизден тиешелүү мамлекеттик органдарга жогоруда айтылган жагдайларды ар тараптуу, объективдүү жана ачык-айкын текшерип, андан соң укуктук баа берүүнү тапшырууңузду суранам. Жарандардын ар бир кайрылуусу мыйзам алкагында каралышы керек деген сиздин позицияңызды колдойм. Кандай гана чечим болбосун, саясатташтырбай жана кырдаалды туруксуздаштырбай, бир гана мыйзамдын жана адилеттүүлүк принциптеринин негизинде кабыл алынышы маанилүү деп эсептейм", - деп айтылат ишкердин билдирүүсүндө.

Бул тууралуу Камчыбек Ташиев же анын мыйзамдуу өкүлдөрү пикирин билдире элек. 10-февралда кызматтан алынгандан кийин чет өлкөдө бир айдана шык жүргөн Ташиев 19-мартта Кыргызстанга кайтып келген. Ал айт намазынан кийинки сүйлөгөн сөзүндө өзүнө карата каралоолор жүрүп жатканын айткан.

"Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн, айт намазынын урматына кимдир бирөөнү ушул убактарга капа кылып койсом же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылып койсом, мен ар бир мусулман калкынан кечирим сураймын. Орозо маалында жалган жалаа таратып, ар түрдүү ушак сөздөрдү таратып, болбогон нерселерди айткан жана тараткан ар бир адамды дагы Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн, айт намазынын урматы үчүн кечирдим. Мындан ары мындай жаман иштерге барышпасын, жаман сөздөрдү, туура эмес маалыматтарды таратышпасын", - деди Ташиев.

Абдыкеримовго 2023-жылы иш козголуп, сыртынан издөө жарыяланган.

Ташиев былтыр декабрдагы сөзүндө коррупциянын айынан акциздик салыктардын көлөмү абдан төмөндөп, 200 миллион сомго чейин түшүп калганын, алар салыкты 30 миллиардга көтөргөнүн айткан. УКМК Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке алынганын да жарыяланган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Ошол мамлекеттин байлыктарын талап-тонолуп "Аю" деген бир компания бар эле. Кожоюнунун аты ким эле? Шаки беле? Шаки деген бай чыккан. Олигарх чыккан. Кантип олигарх болду? Мамлекеттин акциздерин тоноп, салыкты төлөбөстөн, өзү акциз чыгарып, жасалманын баарын чыгарып, элди талап-тоногон. Мына ошол салыктар азыр 30 миллиард сомго чыкты", - деген эле Ташиев.

2023-жылы президент Садыр Жапаров "Аю" компаниясына таандык спирт жана арак заводдорунун мамлекеттин менчигине өтүп жаткандыгын жарыялаган. Өлкө башчысынын айтымында, мындай кадамга ишкананын салыктарды толук төлөбөй, жасалма акциздик маркалар менен иштеп келгени себеп болгон. Бийлик мүлктөр ишкана тарабынан өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилгенин маалымдап келишкен.

Курамына 40ка жакын орто жана чакан бизнес ишканаларын камтыган "Аю холдингдин" мурдагы жетекчиси, учурда бозгундагы ири ишкер Шаршенбек Абдыкеримов март айынан тарта өткөн-кеткенди, чуулгандуу эскерүүлөрдү жазып жатат.

Убагында өлкөдөгү эң бай адамдардын топ башында турган Шаршенбек Абдыкеримов буга чейин Камчыбек Ташиев менен мамилесин, анын өтүнүчү менен бюджетке 250 млн сом төлөп бергенин, тегерегиндеги санаалаштарын атайын кызмат ага каршы кантип колдонгону тууралуу жазган. Ошондой эле УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков анын компаниясын, бизнесин жана жеке өзүн да коркутуп-үркүткөнүн айтып, саясаттагы жолу тууралуу да сөз кылган. Абдыкеримов соңку беш жылда беш жолу операция болгонун, инсульт, инфарктты башынан өткөргөнүн айткан жана учурда Лондондо экенин да жазган.

Учурунда "Аю холдингдин" курамына "Аю", "Кыргыз Алко Трейд", "Артезиан", "Аршан Ритейл", "Голден Сан", "Токмок Дан", "Вегетелла", "КазГрейн", "Виват" (Делюкс), "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд Комфорт", "АЮ Гарант", "Аю Медикал", "АЮ Фарм", «Томми Мол» сыяктуу ондогон компания-ишканалар кирген.