"Бул Москвага ишарат". Анголада орусиялыктар тыңчылыкка айыпталууда

Сүрөттүн булагы, Serviço de Investigação Criminal de Angola
- Author, Мария Евстафьева, Илья Барабанов, Светлана Рейтер
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
24-мартта Анголада тыңчылык, террорчулук жана паракорлук боюнча айыпталган эки орусиялыктын соту башталды. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар жана өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн алты кесиптеши "Африкалык саясат таануучулар" долбоору менен байланышта болушкан. Аталган долбоорду Евгений Пригожин негиздеген. Коюлуп жаткан айыптардын оордугуна жана орусиялыктар узак мөөнөткө эркинен ажырашы ыктымал экенине карабастан, Кремль бул иш боюнча ооз ачкан жок.
2025-жылдын 28-июлунда Игорь Ратчин Луанданын аэропортуна Санкт-Петербургдан келген таанышы Лев Лакштановду тосуп алуу үчүн барган. Ошол күнү Анголада бензиндин кымбатташына нааразы болгон такси айдоочулары иш таштап, мунун натыйжасында митингдер башталган эле. Миңдеген адамдар жолдорду бууп, дөңгөлөктөрдү өрттөп, дүкөндөрдү тоноп, автоунааларды талкалап, полиция менен кагылышкан. Расмий маалыматтарга караганда, эки күндүн ичинде Анголада 29 адам каза таап, жүздөгөн адамдар жарадар болуп, 1200дөн ашууну камакка алынган. Ошол маалда БУУ Анголаны полициянын "ашыкча күч колдонуу" фактыларын иликтөөгө чакырган, бирок иликтөөлөрдүн жыйынтыктары коомчулукка жарыяланган эмес.
Аэропортко бараткан жолдо Ратчин көчөдө болуп жаткан окуяларды сүрөткө тартып алган, мындан тышкары өзү да полициянын камераларына түшүп калган. Бул сүрөттөр, ошондой эле орусиялыктардын соцтармактарга чыгарган посттору Ратчин менен Лакштановго каршы кылмыш ишин козгоого негиз болуп берген. Би-Би-Синин колуна тийген айыптоо корутундусунда "жайкын тургундарды өлтүрүүгө так көрсөтмө берилгени" тууралуу фейк постту Ратчин жазып, акцияга катышуу үчүн атайын учуп келген Лакштанов аны португал тилине которуп, социалдык тармактарга жайгаштырганы айтылат.
7-августта бул иш боюнча Анголанын эки жараны кармалган. Алар: оппозициялык жаштардын лидери Оливейра Франсишку жана спорт журналисти Амор Карлуш Томе.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиялыктар 11 берене боюнча, анын ичинде "террордук топту уюштуруу", "террорчулук" жана "террорчулукту каржылоо" боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, орусиялыктар "тыңчылык кылган", "кызмат адамдарына пара берген", "өлкөгө долларды мыйзамсыз ташып кирген" деп айыпталып жатышат.
Би-Би-Си Анголанын мыйзамдарын жакшы билген адисти кепке тартканда, ал Ратчин менен Лакштанов 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин айтты.
Орусиялыктар коюлган айыптарды четке кагып, Луандада "Орус үйү" ("Русский дом") маданий уюмун түзүү үчүн кызматташканын ырасташууда.
Прокуратура аларды "Анголанын саясат таануучулары" операциясынын катышуучулары деп эсептейт. Аны "Вагнердин" мурдагы агенттери жана орусиялык чалгын кызматынын кызматкерлери уюштурушкан. "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин 2023-жылы каза болгон. Анголанын коопсуздук күчтөрүнүн маалыматы боюнча, бул "жашыруун тармактын" дагы алты мүчөсү 2024-жылы Анголага туристтик виза менен келип, бирок кесиптештери камакка алынганга чейин эле өлкөдөн чыгып кетишкен.
Илгерилебеген кызматташтык
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Совет доорунан бери эле Орусия менен Ангола аскердик-техникалык чөйрөдө жигердүү кызматташып келишкен. Бул салт ондогон жылдар бою сакталды: 2013-жылы Москва Луандага дээрлик миллиард долларга курал-жарак жеткирген. Анголанын аймагында патрон чыгаруучу заводду куруу, танктарды, тик учактарды, аткыч куралдарды жана 18 Су-30К истребителдерин жеткирүү маселелери талкууланып келген. 2024-жылы Анголанын Орусиядагы элчиси Аугушта да Силва Кунья Вашингтондун санкцияларына жана кысымына карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы аскерий-техникалык кызматташуу улана берерин убада кылган. Бирок ошол эле 2024-жылы Ангола АКШ менен аскердик кызматташуу тууралуу келишим түзгөн.
Орусия менен Ангола совет доорунан бери аскердик-техникалык тармакта кызматташып келишкен. Сүрөттө: СССРдин президенти Михаил Горбачев менен Анголанын мурунку президенти Жозе Эдуарду душ Сантуштун 1985-жылдагы жолугушуусу
Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй, 2022-жылдын ноябрында Орусия менен Ангола биргелешкен долбоорлорду талкуулоону улантышкан. Бирок бул талкуулардан конкреттүү бир жыйынтык чыккан эмес.
Өлкөлөрдүн ортосунда мунай жана газ тармагында кызматташуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүргөн. "Роснефть", "Газпром" жана "Лукойл" 2014-жылы мунай өндүрүүнүн көлөмү боюнча Африканын ири өлкөлөрүнүн катарына кирген Анголага абдан кызыгышкан. Бирок чоң долбоорлор ишке ашырылган эмес.
Энергетикадан тышкары Орусияны Анголанын кен байлыгы – алмаз абдан кызыктырып келет. Анголада алмаз казуучу орусиялык "Алроса" компаниясы иштечү.
АКШнын президенти Жо Байден 2024-жылы биринчи жолу Анголага барганда Ангола АКШ менен өнөктөштүккө багыт алган. "Ангола азыркы президент Жоау Лоренсунун жетекчилиги астында өлкө чындап эле көп полярдуулук жолуна түшүшү керек деп чечти", - деди Би-Би-Сиге Европа кеңешинин эл аралык мамилелер боюнча эксперти Алекс Вайнс.
2024-жылдын аягында Анголанын президенти Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын Украинага чакыруусун кабыл алган. 2025-жылдын сентябрь айында эки лидер Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушканы кабарланган. 2025-жылы Кремль Лоренсуну 9-майда өтчү парадга чакырган, бирок Анголанын лидери эч кандай түшүндүрмө бербестен парадга катышкан эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын аскерлеринин Анголада жүргөнүнө жана америкалык инвестициянын эсебинен "Лобитунун коридорунун" (Конго менен Замбиянын шахталарынан Анголанын Лобито портуна чейинки темир жол) курулушуна Орусия нааразы.
"Өздөрү бир айласын табышсын"

Сүрөттүн булагы, RUSSIAN FOREIGN MINISTRY PRESS SERVICE/TASS
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Анголанын президенти Жоау Лоренсу менен 2023-жылы жолугушкан. Үч айдан кийин Ангола БУУнун Башкы Ассамблеясында Орусиянын Украинанын аймактарын аннексиялоосун айыптаган көпчүлүк өлкөлөргө кошулган
"Орусиялыктардын Анголада камакка алынышы эки өлкөнүн ортосунда мамилелер канчалык начар экенин тастыктап турат, - деди Ангола боюнча эксперт Алекс Вайнс. – Бул Москвага ишарат".
Анголадагы саясий технологдордун камакка алынышы жөнүндө Москва жети айдан ашык убакыттан бери үн катпай келатат.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да, Орусиянын Анголадагы элчилиги да бул боюнча эч кандай реакция жасашкан жок. (ZMa)



























