Трамп Ирандын энергетикасына сокку урууну 10 күнгө токтотту

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну 10 күнгө токтотууну чечкенин билдирди. Анын айтымында, бул чечим Иран өкмөтүнүн суранычы менен кабыл алынган, бирок Тегеран мындай сураныч болгонун четке кагууда.

"Иран өкмөтүнүн суранычы боюнча [...] мен электр станцияларына чабуулду дагы 10 күнгө, дүйшөмбү, 2026-жылдын 6-апрелине, Чыгыш убактысы боюнча саат 20:00гө чейин токтотуп турам. Сүйлөшүүлөр уланууда жана фейк маалымат каражаттары менен башка булактардын жалган билдирүүлөрүнө карабастан, алар абдан жакшы өтүп жатат", — деп жазды ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.

Өткөн дем алыш күндөрү Трамп эгер Тегеран 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса, ирандык электр станцияларын "жок кылам" деп коркуткан. Буга жооп катары Иран бийлиги кысыкты кемелер үчүн толугу менен жаап саларын билдирген.

Дүйшөмбү күнү Трамп АКШ менен Иран согушту токтотуу боюнча "жемиштүү сүйлөшүүлөрдү" жүргүзүп жатканын айтып, Ирандын энергетикасына сокку урууну беш күнгө токтотууну буйруган.

Шаршемби күнү АКШ Иранга жаңжалды токтотуу үчүн 15 шарттан турган тизме бергени белгилүү болду, бирок Тегеран аларды четке кагып, өзүнүн беш пункттан турган планын сунуштады.

Азыркыга чейин АКШ Иранда так ким менен диалог жүргүзүп жатканы белгисиз. Трамптын айтымында, ирандык расмийлер өлтүрүлүүдөн коркуп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын четке кагууда.

"Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат жана келишим түзүүнү аябай каалашат. Бирок алар бул тууралуу айтуудан коркушат, себеби аларды өз мекендештери өлтүрүп коёт деп ойлошот. Ошондой эле биз тараптан өлтүрүлүүдөн да коркушат", — деди ал журналисттерге.

Ирандын "белеги"

Трамп соккулар жылдырылганын жарыялагандан кийин, дүйнөлүк базарларда мунайдын баасы төмөндөй баштады.

Ал эми бейшемби күнү Трамп АКШ өкмөтүнүн жыйынында Иран бийлиги ага кандай "белек" бергенин ачыктады. Буга чейин Ак үйдүн башчысы ирандыктар ага "баалуу белек" бергенин айтып, бирок так эмне экенин айткан эмес.

Андан Иран менен сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын сурашканда, ал Тегеран өз ниетинин олуттуулугун көрсөтүүнү каалап жатканын айтты. Трамптын билдиришинче, Тегеран эки-үч күн мурун "белек" катары Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташыган сегиз танкерди өткөрүп берүүнү убада кылган жана ал кемелер чындыгында эле өткөн.

"Ошондо мен: "Көрдүңөрбү, биз керектүү адамдар менен иш алып барып жатат окшойбуз", — дедим. Алар айрым нерселер үчүн кечирим сурашты жана дагы эки кемени өткөрө турганын айтышты. Жыйынтыгында бизде он кеме болду", — деди Трамп.

Израиль Иранга чабуулдарын улантууда

Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) акыркы сутка ичинде Ирандын батыш бөлүгүндөгү "ракета учуруучу позицияларга" 20га жакын сокку урулганын билдирди.

Маалыматка караганда, авиация баллистикалык ракеталарды сактоочу жана учуруучу объекттерге, ошондой эле абадан коргонуу системаларына 70тей ок-дары таштаган. Бул объекттердеги аскер кызматкерлери жок кылынганы жана Израил армиясы Ирандын ракеталык потенциалына сокку урууну тынымсыз улантып жатканы кабарланды.

Бейшембиде Израил Ормуз кысыгынын блокадасын көзөмөлдөгөн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз флотунун командири Алиреза Тангсири өлтүрүлгөнүн жарыялады. Атын атабаган ирандык аткаминер буга чейин Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарына кысыкты көзөмөлдөө өлкөнүн "табигый жана мыйзамдуу укугу" экенин айткан.

Мындан тышкары, бейшемби күнү Абу-Дабиге Ирандын атып түшүрүлгөн ракетасынын сыныктары түшүп, эки киши каза болгону кабарланган.