"Эркимден ажырап отурсам да ырларым ырдалып жатат". Акын Аскат Жетигендин абактан жазган каты жарыяланды

Учурда камакта жаткан белгилүү акын, композитор жана активист Аскат Жетигендин абактан жазган каты жарыяланды. Аны укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Фейсбук баракчасына чыгарды. Укук коргоочунун айтымында, Аскат Жетиген абактагыларга комуз үйрөтүүдө.
"Арыбаңыздар, агайын тууган, Ата-Журт! Бабадан калган сөз экен, «Эр жигиттин сөзү өлгөңчө, өзү өлсүн" деген... "Калыс сөздү айтам деп, капаска түшкөн куш сымал» камакта отурганда, калайын кайрылып, калыстык деген мүдөөмдөн айрылганым жок. "Эр жигиттин ичине ээр токулган ат батат» дегендей, башка түшкөн күндөрдү татыктуу кечирүүдөмүн! Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өзүм эркимден ажырап отурсам дагы, эл ичинде ырларым ырдалып, күүм чертилип жатат! Демек, менин эмгегим элге жетип жатканы, жаштарды бийик-бийик максаттарга шыктандырып жатканы эмей эмне?! Ата-бабадан калган эрдиктердин, акындардан калган улуу насыяттардын бизге калтырган сабагы ушул эмеспи?!" деп айтылат Аскат Жетигендин катында.
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Аскат Жетигенди "УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашып, сабап, электрошокер колдонуп, муунтушкан. Бирок эмнегедир 2,5 жылдан бери ал кылмыш ишин козготууга жана ысымдары белгилүү болсо да ошол адамдарды жоопко тартууга жетише албай келет" деп кошумчалады.
Акын жана композитор Аскат Жетиген 2024-жылы 1-июлда "бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга соттолгон. Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Акын айыптоолорду четке кагып келет.
Аскат Жетиген сот отурумдарынын биринде көрсөтмө берип жатып, УКМК кызматкерлери анын башына баштык кийгизип, кыйноого алганын билдирген:
Убагында атайын кызмат бул боюнча түшүндүрмө берген эмес.
Аскат Жетиген - акын жана композитор. Убагында "Ордо Сахна" фольклордук ансамблинин жетекчиси болгон. Акын азыркы бийликтин саясатын сындап келген. Түз эфирде сөгүнгөн учурлары бар. Бул үчүн кийин элден кечирим сураган.
Азыр акын Молдовановкадагы №27 абакта жазасын өтөөдө. Чечим өзгөрбөсө, быйыл августта эркиндикке чыгат.



























