Ысык-Көлдө ири жол кырсыгынан алты адам каза болду

вав

Сүрөттүн булагы, Интернеттен алынган сүрөт.

Окуу убактысы: 1 мүнөт

27-мартта болжол менен саат 15:00дө Ысык-Көл районунун Ананьево жана Кожояр-Ата (Семеновка) айылдарынын ортосунда алты адамдын өмүрүн алган каргашалуу жол кырсыгы катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктан дагы беш адам жабыркаган. Алардын үчөө ооруканага жаткырылган, арасындагы эки жашар бала реанимацияда экени кабарланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чыгышты көздөй бара жаткан "Мерседес-Бенц E420" унаасынын айдоочусу жолдун сол тарабынан чыга калган "Фольксваген Пассат" машинасынан качууга аракет кылып, жолду бөлүп турган парапеттин ачык жери аркылуу каршы тилкеге өтүп кеткени айтылууда. Натыйжада каршы тилкеде келе жаткан "Рено Самсунг SM6" унаасы менен бет маңдай сүзүшкөн. Эки автоунаанын тең айдоочулары каза болгону кабарланды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, окуя боюнча кийинчерээк толук маалымат берилет. Экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайы такталууда.