Таймурас Ташиев "Томми молл" боюнча ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айткандарына жооп берди

Таймурас Ташиев

Сүрөттүн булагы, Region

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таймурас Ташиев
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев бозгундагы ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун "Томми молл" соода борбору тууралуу айткандарын четке какты.

Анын айтымында, ишкердин "Томми молл" Ташиевдердин жакындарына өтүп кеткен деген маалыматы чындыкка коошпойт.

"Шаршенбек Абдыкеримов "Томми молл" соода борбору менин апамдын жакындарына өтүп кеткен" деп, президент Садыр Жапаровго кайрылыптыр. Бул карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир да объект, жада калса бир да топчу үй-бүлөбүзгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов да, мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук да билиши керек. Эгерде шек саноо же ишенбөөчүлүк болсо, тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлк боюнча дыкат текшерип чыгышса болот. Мындай текшерүү бүгүнкү күндө куру дооматтарга кабылган үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо мамлекетке кайсы мүлк өтүп, кандай баага, кимдерге сатылганын же кимге өткөнүн элибиз да так билмек" деп жазды Таймурас Ташиев соцтармактагы баракчасына.

Таймурас Ташиев атасы Камчыбек Ташиев жана үй-бүлөсү мамлекеттик мүлктү бөлүштүрүүгө же менчиктеп алууга эч качан аралашпаганын кошумчалады.

Кыргызстанда иш козголуп, бир нече жылдан бери чет өлкөдө жүргөн ишкер, "Аю" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов бүгүн, 28-мартта Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Анда ал өзүнө таандык болгон Бишкектеги белгилүү эки ири соода борборунун тагдыры жана мамлекеттик органдардын чечимдеринин адилеттүүлүгү боюнча маселе көтөргөн.

Шаршенбек Абдыкеримов "Томми молл" соода борбору өтө арзан – "3-4 бөлмөлүү батирдин баасындай" бааланып, Камчыбек Ташиевдин жубайынын чөйрөсүнө байланышы бар адамдарга өтүп кеткенин билдирген. Ишкер Абдыкеримов Жапаровдон "жагдайларды ар тараптуу, калыс жана ачык-айкын текшерип, укуктук баа берүүнү" өтүнгөн.

Абдыкеримовго 2023-жылы иш козголуп, сыртынан издөө жарыяланган.

Ташиев былтыр декабрдагы сөзүндө коррупциянын айынан акциздик салыктардын көлөмү абдан төмөндөп, 200 миллион сомго чейин түшүп калганын, алар салыкты 30 миллиардга көтөргөнүн айткан. УКМК Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке алынганын да жарыяланган.

10-февралда кызматтан алынгандан кийин чет өлкөдө бир айдан ашык жүргөн Ташиев 19-мартта Кыргызстанга кайтып келген. Ал айт намазынан кийинки сүйлөгөн сөзүндө өзүнө карата каралоолор жүрүп жатканын айткан.