"Айдама эмес, колду узартат". Эмнеге Бишкекте филиппиндик үй кызматчыларга суроо-талап өсүп жатат?
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

42 жаштагы филиппиндик айым Рэтчел Кыргызстанга келгенине үч ай эле болду. Учурда ал 34 жаштагы төрт балалуу жергиликтүү ишкер айым Аселдин колун узартып жаткан чагы. Рэтчел буга чейин Сауд Арабияда, анан Гонконгдо иштеген, соңку иштеген жери жакпай калып, эми ал бир жылдык келишим менен Бишкекке келди.
"Бул жакта адамдар абдан меймандос келет экен. Мага жергиликтүү эл абдан жакты. Бул жакта мени үй-бүлө мүчөсүндөй эле кабыл алышты", - дейт ал.
Кыргызстандын тоолору ага абдан жакканын, кышында келип, калың карды көргөнү дагы ага укмуш тажрыйба болгонун айтып берди.
Ушул тапта Кыргызстанда ондогон ортомчу агенттиктер филиппиндик үй кызматчыларды өлкөгө алып келип жатышат. Өлкөдө четтен келген бала баккыч, үй кызматчыларына суроо-талап өсүүдө.
"Кыргыз бала багуучулардын иштери бүтпөйт. Катыштары бүтпөйт. Мен буга чейин иштешкен жергиликтүү бала баккычтар бир жерге көпкө токтошпогон болуп чыкты. Тойлору бүтпөйт, "айылга кетем", "байкем үйлөнүп жатат" дейт, "ата-энемди сагындым" дешет. Дайым эле шылтоосу чыгып, суранышат. Ошондойлору бүтпөйт. Анан ошого байланыштуу филиппиндик бала багуучу алалы деп чечтик", -дейт Рэтчелди жалдаган кыргызстандык ишкер айым Асел.
Кыргызстанга келген филиппиндик бала багуучулардын айлык акысы 700 доллардан башталат. Иш-убактысы эртең мененки тогуздан кечки тогузга чейин болот. Аларды өлкөгө алып келүүгө кеткен чыгымдарды, мисалы авиабилет, виза жана иш алып барууга уруксат кагаздарын аларды чакырган тарап, жумуш берүүчү көтөрөт.

"Бирок андай болгон шартта деле бул арзанга чыгат дейт", - Асел. Анын айтымында, жергиликтүү бала багуучулар бир ай бала багууга эле кеминде 50-70 миң сом айлык сурашат. Жана алар бала багуудан тышкары кошумча иштерге көнүшпөйт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Менин колум узарды. Чынын айтсам жыргап эле калдым. Үйдү жыйнайт, кир үтүктөйт, жууйт. Мен жок болуп калсам тамагымды деле жасап кое берет. Баланы киринт десең, киринтет. Ар бир ишти айтпайсың, аны жаса, муну жаса деп. Бул адам өзү билет жумушун. Жумушун жакшы аткарганга аракет кылат", -дейт Асел.
Филиппинден үй кызматчыларын кыргызстандык аялдарга жергиликтүү агенттиктер таап беришет. Алар ортомчулук кызматы үчүн ортодо акча табышат.
Бишкекте иш алып барган "Арли" аттуу ортомчу агенттиктин ушу тапта филиппиндик жаңы үй кызматчыларынын тобун күтүп жатат. Агенттик Филиппиндеги агенттик менен келишим түзүп, бала багуучуларды өлкөгө ортомчусуз алып келет. Буга чейин алар өлкөгө жыйырмадай филиппиндик айымдарды алып келишкен. Бирок алар рынокко киргенине бир гана жылдай болду. Өлкөдө андан узакка иштеген компаниялар соңку он жылдан бери четтен айымдардын жумушчу күчүн тартып келишет.
"Филиппиндик бала баккычтар Кыргызстанда көбөйүп, диаспорасы да бар болуп калыптыр. Ал тургай, "Дордойдо" филиппиндик аялдардын швея тобу да бар экен. Биздин бала баккычтардын ал жакта достору бар, өздөрүнүн филиппиндик майрамдары болгондо жолугушуп, улуттук тамактарын жасап, бизге да бул жакка алып келип калышат", - деди аталган агенттиктин жетекчиси Айзирек Борбуева.

Эмне үчүн филиппиндик үй кызматчыларына суроо-талап өсүп жатат?
"Үй жумушу, бала баккан оор, көрүнбөгөн жумуш да, андыктан бизде жергиликтүү жумуш издегендерде буга көп калоо жок. Ооба, бала багуучу болуп иштеп берем деген жарнама көп, бирок алар бир-эки саатка деп эсеп алышат. Туруктуу бир ай же бир жыл иштейм дегендер аз. Тийди-качты болушат. Утурумдук иш катары эле карашат. Жоопкерчилик жок. Мурда педагог болуп иштеген орус бала багуучулар бар эле. Бирок алардын мууну да карыды. Жаштар болсо айлап, жылдап бала баккыч болгулары келбейт. Филиппиндик айымдар келишим менен келет да, ишинин майын чыгарат", - дешти аталган агенттиктен.
Ошентсе да филиппиндик айымдарды жалдоо арзандын иши эмес. Агенттик ортомчулук акысы үчүн кеминде 1 миң доллар алат. Аларды өлкөгө алып келүүгө кеткен чыгымдардан тышкары, айлык акыларын стабилдүү төлөө, ооруп калса, чыгымын көтөрүү керек. Четтен келген үй кызматчысы аны жалдаган адамдын үйүндө жашаганга шарты болушу керек. Эгер анда бош бөлмө жок болсо, анда ага жумуш берүүчү өз эсебинен ижарага чыгарышы шарт. Кадимкидей дем алыштарда эс алуу берилиши керек.
Филиппиндик бала багуучулар Кыргызстанда деле эмес, мурдатан эле дүйнө жүзүндө суроо-талапка ээ. Алар камкор, чыдамкай жана англис тилин билген адистер катары бааланат. Бирок бул тандоонун артында көп учурда айласыздык турат. Себеби өз өлкөсүндө айлыктары аз, андыктан алар дүйнө кезип иштеп кетүүгө мажбур.
Алар бирөөнүн балдарын карап, күн сайын аларга мээримин төгүшөт. Тамак берип, сабактарына жардам берип, уктап жатканда жанында болушат. Бирок ошол эле учурда алардын өз балдарына миңдеген чакырым алыстыкта энесиз жашаганга туура келет. Айрымдары балдарын ата-энесине же туугандарына ташташат. Балдарын телефон аркылуу гана көрүп, жылына бир эле жолу жолугушкан учурлары да болот.
"Менин үч балам бар. Уулум колледжди бүтүп жатат, экинчиси жогорку класста мектепте окуйт. Анан кичүүсү бар. Апам балдарымды карайт, болбосо оорулуу. Кан басымы жогору. Ошентсе да биз бактылуубуз. Үй-бүлөмдү, балдарымды сагындым. Телефондон сүйлөшүп турабыз, бирок күн сайын эмес. Кээде аларда интернет болбой калат", - дейт Рэтчел.

Ал учурда башка үй-бүлөнүн жашоосун жеңилдетип, Аселдин карьерасын улантууга, жумушка эркин чыгуусуна шарт түзүп жатат. Бирок өз балдарынын балалыгын өткөрүп, алардын ийгиликтерин телефон аркылуу гана күбө болууда.
Рэтчел үчүн бул жумуш жөн гана киреше эмес. Бул - анын үй-бүлөсү, балдары үчүн жасаган курмандыгы.
2026-жылга карата Кыргызстанга сырттан кирген жумушчуларга карата кыргыз өкмөтү 52 миңдик квотаны бекиткен. 2025-жылга дейре өлкөдө иш алып барууга уруксатты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги берип келген. Бирок бир жыл мурун ал функция Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине которулду. Аталган мамлекеттик орган сырттан келип жаткан үй кызматчылары тууралуу жана алардын өлкөдө иш алып баруусу үчүн керек болгон процедуралар тууралуу Би-Би-Синин сурамына жообун бере элек.



























