Айдарбеков ага депутаттык мандат берилбей жатканы боюнча үн катты

ыв

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбеков өзүнө мандат тапшырылбай жатканына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясын сындады. Ал бул округдан мандатын тапшырган Куванычбек Конгантиевдин ордуна депутат болуп келиши керек болчу. Бирок БШК Айдарбековдун соттолгон-соттолбогону боюнча Ички иштер министрлигинен маалымат күтүп жатышканын айтып, мандат берүүнү кечеңдетүүдө.

Чыңгыз Айдарбеков 29-марттын кечинде Фейсбук баракчасына ага мандат берилбей жатканы боюнча билдирүү жасады. Ал өзүнө карата эч кандай сот чечими болбогонун айтууда.

"БШКнын жетекчилиги мени 19 күндөн бери текшерип жатат. Сотум, чечимим болсо, Ички иштер министрлиги бир күндүн ичинде маалымкат берет. Мындай маалымакат БШКга үч күндүн ичинде келет. Жогорку Кеңештин депутатын БШК дайындабайт. Алар Конституциянын негизинде элдин талабын аткарат. Элдин өкүлдөрү шайланат. Элдин ишениминин негизинде келе турган депутаттарга БШК үч күндүн ичинде мандат берүүгө милдеттүү. Бүгүн 19-күн болду. Кыргызстандын эгемен тарых-таржымалында мындай болгон эмес. БШК интригаларга малынбай, өзүнүн ишин аткарууга милдеттүү", -деди Айдарбеков.

Чыңгыз Айдарбеков былтыркы парламенттик шайлоого Бишкектеги №21 шайлоо округунан катышып, эркек талапкерлер арасынан Жаныбек Абиров менен Куванычбек Конгантиевден кийин келип, 6259 (15,7%) добуш алган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Би-Би-Сиге комментарий берип, Айдарбеков боюнча Ички Иштер министрлигинен маалымат күтүп жатышканын айткан.

"Ички иштер министрлигинен маалымкат келе элек. Талапкер болгондо текшерген эмес белеңер деп да сурап жатышат. Ал убакта деле текшергенбиз. Тартип ошондой, шайлоо бүткөн маалда биз ошол текшерүүбүз менен эле мандатын бере беребиз. Ал эми кийин келип, мандат алып жаткандарды кайрадан ИИМден тактайбыз. Мисалы, азыр Бекмурза Эргешев деген депутаттын үстүнөн да анын соттуулугу тууралуу арыз түшкөн. Ал боюнча дагы ИИМден маалымат күтүп жатабыз", - деди Узарбек Жылкыбаев.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов мындай өтүнүчкө 14 күндүн ичинде расмий маалымат берилерин билдирген.

Жогорку Кеңештин бош калган мандаттарын башка талапкерлерге өткөрүп берген. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ал күнү №21 округ боюнча тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, бирок кенен маалымат берген эмес.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Талапкер Чыңгыз Айдарбеков 29-мартта өзүнүн ишмердиги тууралуу таратылып жаткан видео тууралуу да пикирин билдирди:

"Соңку күндөрү менин дарегиме аныкталбаган булактардан, анонимдүү социалдык баракчалардан ар кандай имиштер, ушактар таркатылды. Ошого карабай элибиз туура түшүнүп, мындай жасалма маалыматка ишенбей, тескерисинче, каралоо жасап жаткан тарапка сын-пикирлерин айтышты. Ак ийилет, бирок сынбайт. Мен дипломатия тармагында 22 жыл бою иштеп, эч кандай мага карата терс баа берилген эмес".

Өткөн жумада соцтармактарда Чыңгыз Айдарбековдун ишмердүүлүгү тууралуу видео тараган. Анда анын дипломаттык ишмердигинде күмөндүү иштери болгону баяндалат.

"Түркмөнстандан куулган, виза менен соода кылган, контрабандага аралашкан, мүлкүн жашырган" деп башталат беш жарым мүнөттүк ал видео.

Аны кимдер таратып жатканы аныктала элек.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбековдун айтымында, Чыңгыз Айдарбеков - бир нече муундан бери интеллигенциянын өкүлү болгон үй-бүлөдө тарбияланган, саясий айдыңдагы билимдүү жаштардын бири.

"Эгер кыймыл аракетинде кандайдыр бир туура эмес иштери болсо, депутат болуп да катталмак эмес, талапкер болуп да катталмак эмес, министр болуп да иштемек эмес, комитетти да жетектемек эмес болчу. Бул депутат болуп катталып, анан мандатын ала турган кезде кандайдыр бир негиздер бар экен дегенге мен ишене бербейм. Бул саясий жактан гана чектөө болушу мүмкүн. Чыңгыз Айдарбековго эмне үчүн мандат берилбей жатат? Бул жетинчи чакырылышта Эл аралык комитетти жетектеп турганда Кембир-Абад маселеси, Кыргызстан-Өзбекстан боюнча чек ара маселеси чечилип жатканда өзүнүн каршы пикирин билдирип, ратификацияга келгенде карабайм деп баш тарткан. Менде негизги маселе ушул жерде жатса керек деген пикир жаралып жатат", - деди Рыскелди Момбеков.

Чыңгыз Айдарбеков – экс-депутат, мурдагы тышкы иштер министри. Ал 1998-жылдан тарта Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтерде эмгектенген. 2016-2018-жылдары Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон.

Ошондой эле Президенттик администрацияда иштеген, Жогорку Кенештин аппаратында эл аралык байланыштар бөлүмүн жетектеген.

2018-жылдын 17-октябрында тышкы иштер министри болуп дайындалып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен.

2021-жылы "Альянс" партиясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган, парламентте Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетин жетектеген. Айдарбеков 2022-жылы "Кемпир Абад" маселесине жана Өзбекстан менен чек ара келишимине каршы добуш берген. Ага чейин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан кеткен. Кийин дипломатиялык рангынан ажыратылганы айтылган.

№21 шайлоо округунан шайланган Куванычбек Конгантиев 10-мартта мандатын тапшырган. Андан бир күн мурун социалдык тармактарда анын жана жакындарынын активдери, мүлктөрү жана байланыштары тууралуу видео тараган. Көп өтпөй ал "жер тилкелери боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурган" деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Акыркылардан Гүлсүнкан Жунушалиева, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев жана Кубанычбек Конгантиев өз каалоосу менен арыз жазып, аны БШК канааттандырган. Ага чейин Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов өз арыздары менен депутаттыктан кеткен.