Журналист Кудрет Тайчабаров үй камагына чыкты

Кудрет Тайчабаров

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору жана журналист Кудрет Тайчабаров бүгүн, 21-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

"Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлүп жана үй камагы бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүнө, б.а. 2026-жылдын 26-июнуна чейин колдонулду" деп билдирди соттон.

Ички иштер министрлиги Тайчабаровду 2025-жылдын ноябрь айында кармаган. Ага Уюшкан кылмыштуу топко катышуу, коррупция, алдамчылык айыптары коюлган.

Быйыл март айында Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, сотко өткөн.

Былтыр парламенттик шайлоого катышууга ниет кылып, БШКга арыз жазган Кудрет Тайчабаров "криминалга тиешеси бар" деген шек менен кармалган. Ошол учурда Тайчабаровдун кримтөбөл, атайын операцияда жок кылынган Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке тараган. БШК муну негиз кылып, анын талапкерлигин каттоодон баш тарткан.

Тайчабаров кармалганга чейин Фейсбукта азыркы бийликтин ишмердигин сындаган постторду жазып келген.

Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин мамлекеттик кызматка келип, алгач "Бишкек" эркин экономикалык аймагын, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген.