Axios: Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына макул болду, Вэнс Исламабадга жөнөйт

Сүрөттүн булагы, CENTCOM
Иран согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катыша тургандыгын азырынча расмий тастыктай элек, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарынын булактары Ислам Республикасынын Жогорку лидеринин макулдугу алынганын кабарлоодо.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс согушту токтотуу боюнча ыктымал келишимди талкуулоо үчүн Иран менен сүйлөшүүлөргө Пакистандын борборуна жөнөп кетерин Axios басылмасынын америкалык булактары билдиришти.
Иран ушул күнгө чейин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуусун тастыктай элек. Axios жазгандай, "Ак үй дүйшөмбү күнү кечке Тегерандан өзүнүн сүйлөшүү тобун Исламабадга жөнөтө тургандыгы тууралуу белгини күттү".
Басылманын булагынын пикири боюнча, ирандыктар сүйлөшүүлөрдү Ислам революциясынын сакчылар корпусунун ачык кысымынан улам кечиктирип жатышат. Корпус катаал позицияны карманып - АКШ Ормуз кысыгынын блокадасын токтотмоюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болбошун талап кылууда.
"Ирандык топ Жогорку лидерден (Можтаба Хаменеиден) уруксат күтүп жаткан. Булактын айтымында, ал дүйшөмбү күнү кечинде түштү", - деп билдирет Axios.
Reuters агенттигинин ирандык булагы кечээ билдиргендей, Иран бийликтин билдирүүлөрүнө карабастан, сүйлөшүүлөргө катышуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат, бирок чечим азырынча кабыл алына элек. Пакистандагы булак агенттикке билдиргендей, ок атышууну токтотуу режиминин мөөнөтү шейшемби күнү АКШнын чыгыш убактысы боюнча саат 20:00дө (Гринвич боюнча түн ортосунда) аяктайт.
"Трамп иш жүзүндө бир күн кошуп койду. Ок атышууну токтотуу келишиминде каралган эки жумалык мөөнөт шейшембиде бүтсө да, ал дүйшөмбү күнү акыркы мөөнөт шаршембинин кечи деп жарыялады", - деп жазат Axios.
Басылманын эки булагы Вэнс Пакистанга шейшемби күнү эртең менен уча турганын кабарласа, үчүнчүсү ал дүйшөмбү күнү кеч калып эле жөнөп кетиши мүмкүн экенин айткан.
Вэнс дагы деле Кошмо Штаттарда экенин Reuters булагы кечээ кабарлаган. Дагы бир маектеш америкалык делегация азырынча уча электигин, бирок жакын арада Исламабадга жөнөп кетүүнү мерчемдеп жатканын тактады.
Бул тууралуу CNN булактары да билдирүүдө. АКШ жана Иран делегацияларынын өкүлдөрү экинчи айлампа шаршембиге, 22-апрелге белгиленгенин айтышты. Бирок CNN телеканалынын маектештери АКШ менен Ирандын кескин билдирүүлөрүнөн улам кырдаал туруксуз бойдон калып жатканын белгилешти.
































