Евробиримдиктин Орусияга кезектеги санкциясы, тизмеде - Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Киртаг
Кыргызстан Орусияга боор тартып, ага каршы санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берип жатат деп, Евробиримдик санкция салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болгону калды көрүнөт. Еврошаркет Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин киргизүү алдында турат. Тизмеде Кыргызстан дагы бар.
Украинадагы согушта орус аскерлери Европада өндүрүлгөн товарларды колдонуп жатышат. Ал товарларды үчүнчү өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан дагы Европадан сатып алып, Орусияга ташып жатат деп айыпталууда. Буга чейин Евробиримдик Санкциялар боюнча чабарманы Дэвид О'Салливан Кыргызстанга келип, соңку эскертүүсүн бергендей болгон.
Би-Би-Си анда Саливандын өзүнө "сизде бул продукциялар согуш талаасында колдонулуп жатканына так далилдер барбы?" деп сураган эле.
"Ооба. Биз эки топтон турган товарлардын тизмеси бар. Алар согуш талаасында колдонулган же согуш үчүн колдонулган продукцияларды чыгарган буюмдар жана аскердик-өнөр жай комплексинин өндүрүшүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон товарлар. Ошол эле маалда айрым кош максаттагы буюмдар да бар. Мисалы радиоэлектроникалык каражаттар, татаал дрондорду жана ракеталарды өндүрүү үчүн аскердик-өнөр жай комплексине зарыл болгон компьютер менен башкарылуучу станоктор".
Кыргыз бийлиги буга чейин бир нече ирээт санкциялык эрежелерди бузбаганын айтып, Батыш өлкөлөрүн кош стандарт үчүн айыптап келди.
Санкциялар кирсе эмне болот?
Кыргызстан кош максатта, анын ичинде аскердик тармакта колдонууга мүмкүн болгон товарларды Европадан сатып ала албай калат. Мисалы, металл кесүүчү станокторду сатып алууга чектөө киргизилет. Ошондой эле үн, сүрөт жана маалыматтар менен алмашууну жеңилдеткен модем жана башка байланыш каражаттарын импорттоо токтойт.
"Европалык компаниялар биздин мамлекетке микрочиптер менен жабдыктарды сатпай калышат. Ошону менен катар сокторду чыгарган аспаптар да келбей калат. Сүттү кайра иштетүүчү, колбаса жасоочу инструмент, станоктор дагы келбей, запчастьттарын да алып келүү оорлойт. Бул дагы эмнеге алып келиши мүмкүн? Кээ бир кыргыз жарадандырына жабдык саткан кытайлык компаниялар дагы санкцияларды колдоп, жабдыктарды сатпай коюшу мүмкүн. Булардын ички өндүрүшкө таасири чоң эле болот. Сокку болот ишкерлерге", - деди жергиликтүү экономист Искендер Шаршеев.
Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетине Кыргызстандагы эки - "Керемет Банк" менен "Капитал Банкты" да киргизүүдө. Дагы бир "ТенгриКоин" компания нын да аты аталууда. Алар криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон деген кине коюлуп жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын жетекчилиги бул боюнча азырынча расмий билдирүүлөр жасап, реакция кыла элек.
Бирок үстүбүздөгү айда эле кыргыз президентинин администрациясы мындай айыптоолор туралуу "Бакай Банкттын" мисалында жооп берген.
Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз. Мындай чечимди жакында Брюссель соту чыгарды. "Бакай Банк" банкы "Ачык диалог фонду" (Open Dialogue Foundation, ODF) поляк-бельгиялык өкмөттүк эмес уюмуна каршы козголгон сот ишин утуп алды. 2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда "Бакай Банкты" Россиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. "Бакай Банк" жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту "Ачык диалог фонду" жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди", - деген эле президенттик басма сөз кызматкери Аскат Алагөзов.
2025-жылдын январь айында АКШ менен Улуу Британия кыргыз өкмөтүнүн катышуусундагы "Керемет Банкты" санкциялык тизмеге киргизген. Буга чейин 20 чакты жеке компанияларга киргизилген Батыштын санкциялары кыргыз өкмөтү мынчалык териктирген эмес. Бирок банкттарга келгенде маселе олутташып жаткандай таасир болду. Буга чейин кыргыз бийлиги министрлик дэңгээлинде Батыштын чабармандары менен талкууларды активдүү жүргүзүп келди.
"Биз бир нече ай мурун эле кыргыз бийлиги менен соода агымдары боюнча, импорт-экспорт көрсөткүчтөрү боюнча статистика менен бөлүшүп, мандеми бар тармактарды белгилеп кеткенбиз. Учурда Кыргызстан бул кырдаалды чечүү үчүн кандай кадам жасай алат деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деген эле Салливан.
Бирок кыргыз өкмөтү күткөндөй жыйынтык болбоду.
Жаңы санкцияларга дүйнөдө 120 адам кабылды, Борбор Азиядан да адамдар бар экени айтылды.
Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин эле киргизбестен жана Украинага 90 млрд евро насыя бөлүүнү да жактырды. Брюссель Киевди каржылоо чечимин өткөн жылдын декабрында эле кабыл алган, бирок Венгрия анын аткарылышына бөгөт коюп келген.
2026-жылдын январь айынын аягынан тартып Будапешттин башкы талабы - Украинанын аймагындагы бөлүгү жабыркаган "Достук" (Дружба) кууру аркылуу орус мунайын жеткирүүнү кайра баштоо болду. Учурда куур ишин жандантты.
Кипрдеги (бул өлкө учурда ЕБ Кеңешине төрагалык кылууда) бейрасмий саммитте европалык өлкөлөрдүн элчилери Украинага насыя бөлүүнү алдын ала макулдашты. Документтерге кол коюунун расмий процедурасы бейшемби, 23-апрелде аякташы керек. Бул күнү Кипрде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары жолугушат.
































