Милиция Алайдагы мектепте болгон араздашуу боюнча маалымат таратты

Сүрөттүн булагы, Social media
Социалдык тармактарда Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш айылынын А.Жээнбеков атындагы орто мектебинде чыр чыккандыгы тууралуу видео тараган.
Анда аталган мектептин мугалимдери менен окуучулардын ата-энелери араздашкандыгы айтылат. Пикир келишпестиктин себеби катары 10-класстын окуучулары өздөрүнөн кичине класстагы окуучулардан акча талап кылгандыгы, мындан улам мектеп мугалимдери 10-класстын окуучуларын тартипке чакырып, андан соң 10-класстын окуучуларынын ата-энелери мектепке келип, мугалимдер менен жаңжалдашкандыгы жазылган.
Социалдык тармакта тараган видеодо аял киши эркек кишини жакалап, аны адамдар ажыратып жаткандыгын көрүүгө болот.
Бирок Ош облустук милициясы социалдык тармакта тараган маалыматтарды төгүндөп, чындыкка дал келбестигин билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя 2026-жылдын 16-апрель күнү Алай районундагы орто мектептердин биринде спорттук иш чарага байланыштуу мугалим менен окуучулардын ата-энелеринин ортосунда пикир келишпестиктен жаралган.
"Бул факты боюнча 20-апрель күнү милиция кызматкерлери жерине барып, текшерген учурда окуяга катышуучулар эч кимдин эч кандай арыз-доосу жок экендигин билдиришкен. Ал эми социалдык тармакта тараган видеодо 10-класстын окуучулары 9-класттын окуучуларынан акча талап кылып жүргөн делген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда бул факты боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат" - деп айтылат маалыматта.




























