"Шерой" компаниясы "Томми Молл" соода борборун алар сатып алганын маалымдады

Сүрөттүн булагы, Social
Буга чейин ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун кызына таандык деп айтылып келген "Томми Молл" соода борбору "Шерой" курулуш компаниясына сатылганы тууралуу маалымат тарады. Компания аны 1 миллиард 200 миллион сомдун тегерегиндеги суммага сатып алганын Би-Би-Сиге тастыктады.
"Соода борбору Мамлекеттик мүлк агенттиги тарабынан сатыкка чыгарылган. Мыйзамдуу негизде аукцион аркылуу алынган. Жеңил акчага келген жок, насыя аркылуу сатып алдык",- деди "Шерой" компаниясынын кызматкери Азат.
Кыргызстандагы ири ишкерлердин бири, чет өлкөдө бозгунда жүргөн Шаршенбек Абдыкеримов коомдук сайттар аркылуу бизнесине байланыштуу билдирүүлөрүн улантууда.
Ишкер соңку кайрылууларынын биринде кызынын атындагы "Томми Молл" соода борбору боюнча жагдай аны тынчсыздандырып жатканын билдирген.
Бул мүлк кыйла төмөн бааланып, кийинчерээк Камчыбек Ташиевдин жубайы менен байланышы бар адамдарга өтүп кеткенин айткан.
Кайрылуусунда ал президенттен тиешелүү мамлекеттик органдарга бул жагдайды комплекстүү, объективдүү жана ачык иликтөөнү тапшырууну өтүнгөн.
"Ар бир жарандын өтүнүчү мыйзам чегинде каралышы керек деген позицияңызды колдойм. Чечимдер саясатташтырылбай, мыйзам чегинде жана адилеттүүлүк принциптеринин негизинде кабыл алынышы керек",- деген ал.
Ишкердин Лондондон жолдогон бул билдирүүсүнө Бишкектен Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев жооп берди. Ал социалдык тармактагы баракчасына алардын үй-бүлөсүнө карата жалган жалаа жана каралоо аракеттери уланып жатканын жазып, түшүндүрмө берүүгө аргасыз болгонун белгилеген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын сөзүнө караганда, алардын үй-бүлөсү мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн бир тыйынына да тийген эмес.
"Абдыкеримов "Томми Молл" соода борбору менин апамдын жакындарына өтүп кеткен деген негизде президентке кайрылыптыр. Мен баса белгилеп айтаар элем, бул маалымат карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, атүгүл бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес. Эгер шек саноолор болсо, тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлктөр боюнча дыкат текшерип чыгышса болот",- деген ал.
Ага жооп кылып, Шаршенбек Абдыкеримов "Лондондон Бишкекке жооп" деген аталышта кайра билдирүү жарыялады. Анда ал калп айтпаганын, болгону фактыларды келтиргенин белгилеген. Анын айтымында, кызына таандык "Томми" соода борбору, уулдарына тиешелүү батирлер жана кеңселер да алынган.
Ишкер мунун кесепетинен ал балдарынын окуусу үчүн да каражат төлөй албай калганын жазган.
"Сиз балдарымды келечегинен ажыраттыңыз. Балдар - аталарынын каталары үчүн азап чекпеши керек! Апалар - балдарынын каталары үчүн жооп бербеш керек! Эмне үчүн күнөөсүздөр күнөөлүү болуп жазаланып жатышат? Бүгүн балдарым мага сүйлөбөйт, анткени мен алардын окуу акысын төлөй албай калдым. Ата катары мен үчүн бул эң кыйын жана өтө оор нерсе. Булар "калп" эмес. Булар менин бүгүнкү жашоом",- деп жооп кайтарган Абдыкеримов
Каттын соңунда ал президент буга чейин жооп берип, тергөө башталганын да белгилеген.
Президенттин администрациясы болсо ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айткандары боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов ишкердин Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу администрация кабардар экенин Би-Би-Сиге маалымдады.
Айтымында, кайрылууда көрсөтүлгөн жагдайлар мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү органдар тарабынан текшерилип жатат.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин ишкер Шаршенбек Абдыкеримов ачык билдирүүлөрдү жасай баштады. "Аю Холдингге" байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Абдыкеримовго бир нече берене боюнча айып тагылып, издөө жарыяланган. Анын 10 млрд сомдук мүлкү мамлекетке алынган.
Учурда чет өлкөдө жүргөн ишкер Шаршенбек Абдыкеримов ден соолугу начарлап кеткенин, бир нече жолу опреация болуп, инсульт, инфаркт сыяктуу илдеттерге чалдыкканын маалымдаган.
































