"Биз жакында кетебиз". Трамп Иран менен келишим түзүлөбү же жокпу, ага карабастан согуш аяктарын билдирди

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттары Иранга карата аскердик чабуулун жакынкы эки-үч жумада токтотушу мүмкүн экенин билдирди. Жаңжалды жыйынтыктоо үчүн Тегеранга келишимге баруунун зарылдыгы жок. Эки күн мурун эле Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин, эгер ал ишке ашпай калса, катуу сокку уруларын айтып, коркутуп жаткан.
Трамптын жаңы билдирүүлөрү бешинчи жума жүрүп жаткан согуш кантип аяктары тууралуу Вашингтондун сөзү канчалык карама-каршылыктуу жана бир беткей эмес экенин көрсөтүп жатканын Reuters жазды.
Ал арада Ак үйдүн басма сөз кызматы Кэролайн Левитт шаршемби күнү Вашингтон убактысы боюнча саат 21.00дө АКШ президенти Иран боюнча жаңыланган маалымат берип, улутка кайрылуу жасарын айтты.
"Биз жакында кетебиз",- деди Трамп журналисттерге шейшембиде. Анын айтымында, бул "эки жума аралыгында ишке ашышы мүмкүн, балким, үч".
АКШнын "Эпикалык каары" операциясын аяктоо үчүн ийгиликтүү дипломатия негизги шартпы деген суроого Трамп "жок" деди.
"Ирандын келишимге баруусу керек эмес, жок" , - деп жооп берди ал. – "Жок, аларга мени менен келишимге баруусунун кереги жок".
Трамптын айтымында, АКШ февралдын соңундагы Иранга абадан сокку урганга чейинки койгон - Ирандын өзөктүк куралга жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө максаттарына жетти, эми АКШ "ишти жыйынтыктай берсе болот". Ал ошондой эле иран бийлиги "келишимге келели деп жалооруп" жатканын да айтты.
Соңку бир нече жумаларда америкалык президент Иран АКШ менен согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатканын айтып келди.
Тегеран муну караманча четке кагат. Иран бийлиги АКШ менен маалымат алышуу Вашингтон регионалдык ортомчулар, анын ичинде Пакистан аркылуу билдирүү жөнөткөнү менен гана чектелип жатты.
АКШ соңку күндөрү Перс булуңундагы аймакка ыкчам жооп берүү күчтөрүн тартып жатат. Ал жакта деңиз аскерлеринин 31-экспедициялык тобу келди, регионго 11-топ жана 82- аба-десанттык дивизиясы бара жатат.
26-мартта Трамп Ирандын энергетикасына карата соккуну 10 күнгө , 6-апрелге артка жылдырганын айткан эле. 30-мартта америкалык президент Иран менен сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун, ал жокко чыкса катуу сокку болорун да эскерткен.































