"Баары интернетсиз калышты". Москвада интернеттин өчүрүлүшү бизнеске кандай таасирин тийгизди?

Сүрөттүн булагы, Sergey Bulkin/TASS
- Author, Сергей Кагермазов, Светлана Рейтер
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Март айы Москванын борборунда мобилдик интернетти өчүрүү менен башталды. Навигация, төлөм терминалдары, жада калса акы төлөнүүчү дааратканалар да иштебей калды. Болжол менен 24-мартта чектөөлөр бир аз азайды. Би-Би-Синин Орус кызматы ишкерлерди кепке тартып, байланыштын үзгүлтүккө учурашы алардын бизнесине кандай зыян келтиргенин сурады.
"Жашоомду кыйла татаалдаштырды"
"Мобилдик интернеттин өчүрүлүшү жашообузду бир кыйла татаалдаштырды", - деди Би-Би-Сиге атын атагысы келбеген жана чакан дүкөндү иштеткен москвалык ишкер. Анын кеңсеси жайгашкан имаратта компаниялардын көбү зымдуу байланышты колдонушпайт.
"Ошондуктан баарыбыз бир апта интернетсиз отурдук. Биздин жайгашкан жерибиз да ушундай экен – интернет гана эмес, мобилдик байланыш да болгон жок. СМС-кабарлар да келген жок. Натыйжада кесиптештер зымдуу интернетти өткөрүүгө мажбур болушту. Биз да ушундай кадамга бардык", - дейт ишкер.
Байланыш жоголгондо товарларды эсепке алуу системасын колдонуу, компаниянын сайтына кирип, буйрутмаларды иштетүү мүмкүн болбой калды. Ишкерлер керектүү документтерди үйдөн басып чыгарып, аларды көтөрүп алып кампага барып, буйрутмаларды ошол тизмелерге карап чогултууга мажбур болушту. Буйрутмаларга кошумча транспорттук коштомо кагазадарды да басып чыгарып, аларды кандай гана болбосун транспорттук компаниянын жеке кабинетинен жүктөп алыш керек.
Мындан тышкары "Честный знак" системасына байланышкан өзүнчө бир көйгөйлөр келип чыккан. "Ушул оңбогур "Честный знак" менен продукциялар өтө көп болуп кетти", - деп сезимдерин жашыра албады бизнесмен. Бул системаны көмүскө соода жүргүзүү менен күрөшүү максатында 2016-жылдан тарта киргизе башташкан. Бул үчүн ар бир товардын QR-коду болот. Ишкерлер коддорду өздөрү басып чыгарып, аларды продукцияга чаптап, бул коддорду сканерлеп чыгууга мажбур болуп жатышат.
"Интернет болбогондо, бул каргыш тийгир белгини сканерден өткөрүү мүмкүн болбой калат экен", - деп түшүндүрөт ишкер. Бул коддорду сүрөткө тартып алып, ал эми товарды коддорсуз жөнөтүп, андан кийин үйдөн зымдуу интернет менен сүрөттөрдү салыштырып, коддорду системага киргизиш керек.
Ошондой эле Би-Би-Синин маектеши кайсы бир учурда "ак тизмеге" кирген "Яндекс.Почта" иштей баштаганын, керектүү маалыматтарды ошол жакта булут сактагычы катары колдонуп, өзүнүн электрондук почтасына жөнөтүп турганын айтты.
Украинанын дрондорунан коргонуу үчүн бийлик мобилдик интернетти өчүрө баштаганда иши дээрлик жүрүшпөй калган ишкерлерге жана алардын кардарларына жардам берүү үчүн 2025-жылдын жай айларында Орусияда "ак тизмелер" киргизиле баштаган. "Ак тизме" режими маалында кээ бир ресурстардан башкасынын баары бөгөттөлөт. Тизме мезгил-мезгили менен жаңыланып турат. Ушул тапта, мисалы, ири банктар, жеткирүү кызматтары, таксилер жана маркетплейстер бар. Колдонуучулар "тизмелер" начар же такыр иштебей турганын бир нече жолу белгилешкен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Коммерсант" гезитинин IT рыногунда иштеген, атын жашыруун калтырууну өтүнгөн маектеши интернет өчүрүлө баштаган алгачкы аптада келтирилген зыянды 5 миллиард рублдан кем эмес деп баалады. Орусиянын ишкерлери жоготуулар жөнүндө ачык айткысы келбейт – алар адатта муну четке кагууну туура көрүшөт, деп белгиледи INFOLine аналитикалык агенттигинин жетекчиси Иван Федяков The Bell менен маегинде (Орусиянын бийлиги басылманы "чет элдик агент" деп эсептейт).
26-мартта "Орусиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун" башчысы Александр Шохин президент Владимир Путинге мобилдик интернеттин өчүрүлүшү бизнестин ишин татаалдаштырып жатканын айтты.
"Байланышты үзүү тууралуу буйрук ФСБдан келген", деп ырасташат The Bell басылмасынын булактары. Бийлик мындай чектөөлөрдү коопсуздук максатында киргизилип жатканы менен түшүндүрүп, интернетти бөгөттөө качан бүтөрүн айткан жок.
Ири IT-компаниянын кызматкери Би-Би-Сиге билдиргендей, аларга интернет өчүрүлө турганын алдын ала эскертишпейт. 2025-жылдын май айында Жеңиш күнүнүн алдында Москвада мобилдик интернет өчүрүлгөн эле. Бирок, бул жолку өчүрүүлөр андан бир топ айырмаланат. Би-Би-Синин байланыш рыногундагы булактары ошол маалда интернетке чектөөлөр киргизилери алдын ала кабарланып турганын айтышты.
Дагы бир ири IT-компаниясынын кызматкерлери Би-Би-Сиге алар үчүн интернетти өчүрүү андай деле кыйынчылык жаратпаганын, бул банктар жана ритейл үчүн көбүрөөк түйшүк болгонун, бирок компаниянын ичиндеги байланыш кыйындаганын, ошентсе да "буга чыдаса болорун" айтышты. "Ак тизмеге" кирген дагы бир IT-компаниянын өкүлү алардын кардарларында эч кандай көйгөй жаралбаганын, бирок төлөөгө келгенде анча-мынча кыйынчылыктар болуп турарын айтты.
"Яндекс" комментарий берүүдөн баш тартты, ал эми Wildberries Би-Би-Синин суроосуна жооп берген жок.
Бөгөттөлгөн Телеграм
Мобилдик интернеттин өчүрүлүшү менен кошо Телеграм да бөгөттөлдү. Такталбаган версиялардын бирине ылайык, Телеграмга апрелдин башында толугу менен тыюу салынышы мүмкүн. Бөгөттөө 2025-жылдын жайында башталып, бийлик бара-бара бул мессенжерди колдонууну мүмкүн кылбай жатат. Telegram компаниясына коюлган негизги талаптардын бири – Орусиядагы колдонуучулардын маалыматтарын сактоо.
"Мен үчүн келтирилген зыян олуттуу болду – мен эми кардарлар менен байланышуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарында же интернет иштеген башка жерде жашашым керек. Ошондуктан, акчалай туюндурмасынан алганда, бул Өзбекстанда жашап, кеткен чыгымга барабар жана үй-бүлөм менен учурашуу үчүн барып-келгенге кеткен билеттин баасындай болот", - деди Би-Би-Сиге ишкер Иван Залисский.
Ал жетектеген орусиялык компания энергетика жана кеме куруу тармагында IT кызматтарын жана консалтингди Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жана Борбордук Азияга сатат. Телеграм бөгөттөлгөндүктөн ишкер келишимдерди тез түзүп, бизнести башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат, себеби Телеграмды чет өлкөлөрдө да колдонушат, ал эми анын өнөктөштөрү Орусиянын мамлекеттик Max мессенжерин орноткусу келген жок. Залисский башка мессенжерлерге өтүүгө аракет кылган, мисалы, БАЭде Botim тиркемеси колдонулат, бирок, бизнесмендин айтымында, ал абдан начар иштейт.
Залисский VPN'дин жардамы менен Телеграмды колдоно берерин, андан кийин бизнесин башка өлкөгө которуп, чыгымдардын ордун толуктоо үчүн кардарлардан көбүрөөк акча аларын айтты.
Би-Би-Си кепке тарткан эксперттер Телеграмды бөгөттөөдөн улам бизнес кирешесинин 40% жоготуп алышы мүмкүн деп эсептешет.
Залисский документтерден жана сүрөттөрдөн маалыматтарды чыгарып, көп барактуу документтерди талдап, өзүнө керектүүсүн табуу үчүн өз ишинде жасалма интеллектти да колдонот. Мындан тышкары, жасалма интеллект ар кандай сүрөттөрдү жасап берип, дизайнерлерге кетчү акчаны үнөмдөөгө жардам берет. Ишкер өзүнүн тажрыйбасына таянып айткандай, Орусияда жасалма интеллекттин эң жеткиликтүү модели – кытайлык DeepSick. Залисский ChatGPT'ни VPN менен да иштете албай койду, ал эми Гуглдын Gemini жасалма интеллекти VPN менен начар иштейт экен. Бул компаниялар өздөрү орусиялык рыноктор баш тартышкан, "эми бул жасалма интеллекттер болбогондуктан бизнестин өндүрүмдүүлүгү 2-3 эсе төмөн болуп жатат", - дейт Би-Би-Синин маектеши.
Мартта мобилдик интернет Москвада гана эмес, Санкт-Петербург сыяктуу ири шаарларда да өчүрүлүп жатат. Ал эми Орусиянын көптөгөн аймактарында интернет дээрлик бир жылдан бери үзгүлтүккө учурап келет. (ZMa)





























