Бишкекте алты жашар баланы иттер талаган окуя иликтенип жатат

Social media

Сүрөттүн булагы, Social media

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкектеги Калыс-Ордо-2 конушунда алты жаштагы баланы иттер талап, ал ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маалымат таратты.

Окуя 1-апрелде болгон, милицияга кабар саат 17:37де түшкөн. Балага тиш салган иттер жолбунбу же бирөөнүн итиби - такталууда. Баланын атасы кошунасынын үч итин атып салганын башка ЖМКлар жазып чыгышты. Милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.

Милиция окуя болгон жерге барып, бул факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынган.

Маалыматта 1-апрелде шаар аралап жүргөн милициянын туристтик ротасынын кызматкерине шаар тургундары кайрылып, иттердин таландысында калган кичинекей баланы ооруканага ыкчам жеткирүүгө көмөктөшүүнү суранышкан.

"Белгилей кетсек, 2026-жылдын 1-апрелинде болжол менен саат 18:00дө Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун туристтик ротасынын командири, милициянын капитаны Тимурлан Кулназаров Совет жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан учурда шаар тургундары ага кайрылып, иттердин кол салуусунан жабыркаган баланы тез арада жеткирүүгө жардам сурашкан", - деп айтылат Бишкек ШИИББдин билдирүүсүндө.

Ооруканадагы нөөмөттөгү дарыгер балага биринчи жардам көрсөтүп, азыр анын абалы турукташып калганы кабарланды.

Жаракат алган баланын баш сөөгү көрүнүп, кол-буту таланганын ЖМКлар жазып жатышат. Окуя болгон маалда баланын ата-энеси жумушта болгон, аны эжелери карап жатышкан. Баланы ооруканага кошуналары алып жөнөп, жолдон милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Окуя боюнча "этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага ылайык, бардык зарыл болгон тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлөт, алардын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Бул тууралуу ИИМ кошумчалады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мартта Токмок шаарында жолбун иттер мектептен кайтып келаткан балдарды каап, бирөөсүн тиштеп алган видео соцтармакка тараган. Коомчулукта бул окуя талкуу жаратып, айрымдар ээсиз калган үй жаныбарларын атуу керектигин айтып чыгышты.

Кыргызстанда соңку жылдары жолбун иттер көбөйүп, алар көчөдө басып бара жаткан адамдарды тиштеген учурлардын саны өскөн. Аларды атуу үчүн бюджеттен атайын каражат бөлүнөт. "Тазалык" ишканасы бул процедуралар мыйзам чегинде өткөрүлөрүн айтканы менен, калаа тургундары ит атарлардын жаш балдардын көзүнчө атып өлтүргөндөрүнө даттанган учурлар да жок эмес.

Учурда Кыргызстанда жолбун иттерге кам көрүүчү бир гана "Кумайык" пилоттук программасы иштейт. Анын алкагында жылына 20 миңдей ит стерилизация болуп, 15 миңи эмдөөдөн өтөт.

Соцтармактарда жолбун иттердин атылышы боюнча дайым эки ача пикирлер айтылып келет. Айрымдары жолбун иттердин жугуштуу ооруларды алып жүрөт деп кооптонушса, башкалары ээси жок үй жаныбарлары боюнча көйгөйдү башка жолдор менен чечүүнү талап кылып келишет.