75 кишинин кайрылуусу парламентке кантип жеткен? Спикер маалымат берди

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 2-апрелдеги жалпы жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоо өткөрүү демилгеси камтылган 75 кишинин чуулгандуу кайрылуусунун парламентке кантип келип түшкөнүнүн чоо-жайы боюнча маалымат берди. Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.
Марлен Маматалиев төрага кызматына киришкен алгачкы күнүнөн тартып бул маселе боюнча ички териштирүү жүргүзгөнүн билдирди. Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссия каттын Жогорку Кеңешке келишиндеги жагдайларды аныктап чыккан.
"75 аксакал-көксакалдын каты боюнча коомчулукта кайрылуулар дагы деле болуп жатыптыр. Журналисттер да келип, депутаттардан сурап жатат. Депутаттар дагы менден көп сурап жатышат. Ал тууралуу жалпы маалымат берип койоюн. Менин биринчи эле иш күнүмдө ал кат кайсы жерде деген аныктаманы жүргүзгөнбүз. Анын алкагында ал кат дароо эле Конституциялык комитетке келип түшүп, кароого жиберилгени маалым болгон. Биз жагдайларды, эмне болгонун түшүнбөй, комиссия түзүү чечимин кабыл алганбыз. Менин тескемем менен ички комиссия түзүлгөн. Кагаз кантип бул жакка келгенин, кантип Конституциялык комитетке түшүп кеткенине чейин, бардыгын аныктап чыккан. Бүгүнкү күндө ал жыйынтык ИИМге берилген. Ал жакта тергөө өз жумушун алып барып жатат. Айтып кете турган нерсе – чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан кадимкидей эле күтүп, тосуп алышкан. Процедура боюнча кат депутатка болсо депутатка, төрагага болсо төрагага болуп өз жолу менен кетет. Бирок ал катты мурдагы төраганын жардамчылары анын колуна алып барып беришкен. Андан соң ал тийиштүү тапшырмалар берилип, айтылган комитеттин кароосуна чейин бул маселе түшөт», - деди Марлен Маматалиев.
9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканы белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.
ИИМ 9-февралда интернетте тараган маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, алты киши кармалган. Алар - экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев жана экс-депутаттар Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев, Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар "массалык башаламандыктар" беренеси боюнча шектелүүдө.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп эсептейт.
Буга чейин 75 кишинин каты боюнча кармалган Бекболот Талгарбековун уулу Арстан Талгарбеков Би-Би-Сиге атасынын күнөөсү жоктунун билдирген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Иш атамдын кайрылуусу боюнча экен. Ал кайрылууда эч кандай чакырык, мыйзамсыз аракет жок. Толугу менен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясатын колдойт", – деген Арстан Талгарбеков.
Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.
Анткени кат жарыялангандан кийин бир күндөн соң, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Президент Садыр Жапаров 75 кишинин аты жазылган кайрылуу, Камчыбек Ташиевдин УКМК төралыгынан алынышы боюнча 13-февралда "Кабар" мамлекеттик агенттигине маек берген.
"Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, «биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы» деп депутаттарды бөлүп баштады. «Ай бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким» деп сураган депутаттарга: «бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап» деп иш жүргүзө башташты. Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү «ак сакалдарга» өттү. Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, «жогору жак менен макулдашылган», Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташты. Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. «Эгер биз тарапка өтпөсөң, сен генерал менен будешь иметь дело» деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди. Чечим кабыл алар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн «ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар» дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан", - деген президент.
Камчыбек Ташиев кызматтан алынган соң, тактап айтканда эки күндөн кийин спикер Нурланбек Тургунбек уулу да ээрден түштү. Отставкага кетип жатып, ал эки же бир адамга кызмат кылбай турганын, ызы-чуусу жок, саясий маданияттуулукту көрсөтүп жатканын айткан жана эч кандай интригаларга аралашпаганын билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов мандат алган күнү эле сөз сүйлөп, президенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу талашка парламент аралашканын, төрага депутаттарды туңгуюкка кептеп койгонун ишарат кылды:
"Парламентин төрагасынан көп нерсе көз каранды. 75 адамдын кайрылуусун бул жерге киргизбей койсо, мындай маселе болмок эмес. Парламент президенттин мөөнөтүн аныктай турган орган эмес. Интрига жаратпай, кесиптештерди ыңгайсыз абалда калтырбай, Конституциялык сотко кайрыл десе, маселе бүгүнкүдөй эле болуп чечилмек".
Кантсе да 75 кишинин артында ким турган деген суроону Камчыбек Ташиевдин өзүнө берүүгө мүмкүн боло элек.































