АКШнын мамкатчысы: Иран менен согуш дагы төрт жумага созулушу мүмкүн

вап

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Парижде өткөн "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Иран менен согуш дагы экиден төрт жумага чейин созулушу мүмкүн экенин билдирди. Жолугушуудан кийин журналисттерге сүйлөп жатып, ал Вашингтон Украина үчүн каралган курал-жарактарды Жакынкы Чыгышка кайра багыттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын да айтты.

Ал ортодо, Иран тарабынан колдоого алынган йемендик хуситтер жума күнү эскертүү беришти: эгер АКШ менен Израилдин алардын союздашы Тегеранга каршы чабуулдары уланса же жаңжалга башка өлкөлөр кошулса, алар Жакынкы Чыгыштагы согушка кошулат.

Буга чейин хуситтер 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан кийин башталган Израилдин Газа секторундагы аскердик кампаниясына жооп катары Кызыл деңиздеги кемелерге чабуул жасап келишкен.

"Биз түз аскердик кийлигишүү үчүн колубуз мылтыкта экенин жарыялайбыз", - деп айтылат хуситтердин билдирүүсүндө.

Дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын тышкы иштер министрлери Иранды Ормуз кысыгын блокададан чыгарууга чакырышты. Алар маселени чечүү үчүн АКШ менен бирге иштөөгө убада беришти. Марко Рубио Кошмо Штаттар кысыктагы блокаданы алууга катышууга даяр экенин, бирок бул процессти сөзсүз түрдө эле өзү жетектебей турганын айтты. Анын айтымында, буга түздөн-түз кызыкдар тараптар - биринчи кезекте G7 өлкөлөрү жана Азия мамлекеттери - өз салымдарын кошуусу керек.

G7 Ормуз кысыгын блокададан чыгарууга аракет кылат

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер G7 жолугушуусунда Иран Ормуз кысыгын тосуу менен "дүйнөлүк экономиканы барымтада кармай албайт" деп билдирди.

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль ушул эле жолугушуунун алкагында Германия менен АКШнын ортосунда Иран боюнча эч кандай пикир келишпестик жок экенин айтты. Анын айтымында, Берлин Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керектигине жана аймакка коркунуч келтирбешине ишенет.

"Биз экономикалык кесепеттерди бардык жерде, өзгөчө Европада - абдан олуттуу сезип жатабыз", - деди Вадефуль.

"Дал ушул себептен биз бул маселелерди абдан деталдуу талкууладык жана бул жерде эч кандай келишпестик жок. АКШ тараптан - өзгөчө бизге карата - согуштук аракеттер аяктаганга чейин аскердик катышуу боюнча эч кандай өтүнүч болгон эмес жана жок", - деп кошумчалады Вадефуль.

Ирандын кандай потенциалы калды?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШнын чалгындоо маалыматтары менен тааныш булактардын кабарлашынча, бир айга жакын согуштун ичинде Ирандын ракеталык арсеналынын жана учкучсуз аппараттарынын үчтөн бири гана жок кылынды деп ишенимдүү айтууга болот. Дагы бир үчтөн бири АКШ менен Израилдин соккуларынан улам жер астындагы туннелдерде жана бункерлерде бузулган же көмүлүп калган болушу мүмкүн.

Булактар бул болжолдуу гана баалоо экенин баса белгилешет, бирок эгер алар туура болсо, Тегерандын карамагында учурда жалпы ракеталык потенциалынын болжол менен үчтөн бири калды. Бирок бул үчтөн бири да - абдан чоң күч. Аскердик булактар өндүрүштүн жашыруундугунан улам Ирандын согушка чейинки ракеталык арсеналын баалоо абдан кыйын экенин белгилешет.

Булактардын бири согушка чейин жер астындагы бункерлерде канча ракета сакталганын аныктоо кыйындыгын айтты. АКШ Ирандын согушка чейинки ракеталык арсеналы боюнча өз баасын ачыктабай келет. Израилдин командачылыгынын маалыматы боюнча, согушка чейин Иранда Израилге жете ала турган 2500дөй баллистикалык ракета болгон. 335тен ашык учуруучу курулмалар жок кылынды, бул өлкөнүн учуруу мүмкүнчүлүгүнүн болжол менен 70%ын түзөт деп билдирди израилдик жогорку даражалуу аскер кызматкери.

Бул маалыматтар АКШ президенти Дональд Трамптын бейшемби күнү Иранда "өтө аз ракета калды" деген ачык билдирүүсүнө карама-каршы келет.

"Эгер Иран акылдуулук кылса, алар өз мүмкүнчүлүктөрүнүн бир бөлүгүн сактап калышты - алар колдо болгондун баарын колдонушпайт. Алар күтүп жатышат", - деди АКШ Конгрессинин мүчөсү, деңиз жөө аскерлеринин ардагери Сет Моултон.

Ошол эле учурда, Пентагон Ирандын ракеталары жана дрондору менен жасалган чабуулдар согуш башталгандан бери болжол менен 90% азайганын ырастоодо. АКШнын Борбордук командачылыгы ошондой эле Ирандын ракета, дрон чыгаруучу объекттеринин жана аскердик-деңиз инфраструктурасынын 66%дан ашыгын «зыянга учуратты же жок кылды", - деп билдирди мекеменин өкүлү.

Париждеги Sciences Po университетинин Ирандын ракеталык күчтөрү жана Ислам революциясынын сакчылар корпусу боюнча эксперти Николь Граевски Дональд Трамптын администрациясы АКШнын соккуларынын эффективдүүлүгүн ашыра көрсөтүп жатышы мүмкүн экенин айтты.

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет 19-мартта сүйлөп жатып, Ирандын өнүккөн жер астындагы туннелдер тармагы чоң көйгөй экенин жана Тегерандын курал-жарак запастарынын көлөмүн толук баалоого мүмкүндүк бербей жатканын моюнга алды.

"Иран - чоң өлкө. Жана Газадагы ХАМАС сыяктуу эле, алар ар кандай экономикалык, гуманитардык жардамдарды туннелдерди жана ракеталарды курууга жумшашкан. Бирок биз аларды дүйнөдөгү эч бир армия жасай албагандай, методикалык түрдө, аёосуз жана зор артыкчылык менен издеп жатабыз жана натыйжалар өзү үчүн сүйлөп жатат", - деди Хегсет.