Орусиядагы казак жарандары катышкан массалык мушташ иликтенип жатат

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Казакстандын Ички иштер министрлиги 26-мартта Орусиянын Ленинград облусундагы Усть-Луга вахталык конушунда казак жумушчулары катышкан массалык мушташ чыкканын ырастады.

ИИМ өкүлү Ерлан Жетыбаев калайман урушка катышкан казактардын арасында катуу жаракат алгандар жок экенин тактады.

Казак басылмалары курулуш аянтында чыккан мушташка 100гө жакын киши катышып, 30у кармалганын, тергөөнүн натыйжасында аларды көбү бошотулганын жазышты. Мушташка чечен тектүү орус жарандары катышканы айтылууда.

10 суткага кармалгандар арасында казак жарандары да бар экени кабарланып жатат, ошондой эле үч орус жараны да камакка алынган.

Мамдуманын депутаты Адам Делимханов чечен басылмаларына бул окуя боюнча комментарий берип жатып, мушташ диний же улуттук негизде эмес, ич ара түшүнбөстүктөн эле чыкканын билдирген.

Депутат окуя болгон Түндүк-Батыш федералдык округга Чеченстандын өлкө башчысынын өкүлдөрү жөнөп кеткенин, алар Казакстандын башкы консулу жана жергиликтүү тартип коргоо органдары менен жолукканын айткан.

Коомдук сайттарда мушташка байланыштуу видеолор жарыяланып, анда казакстандык жарандар жергиликтүү күзөтчүлөр менен уруша кетип, ал мушташка айланганын жазып жатышат.

Усть-Луга — Орусиянын ири деңиз соода порту. Ал мунай жана химиялык продукцияларды кайра иштетүүчү ишканалары менен белгилүү.