Путин бийликте турган 20 жыл 20 сүрөттө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Владимир Путиндин Орусия бийлигинин башына келгенине 20 жыл толду.

Мурдагы КГБнын агенти 1999-жылы 31-декабрда президент катары кызматка киришкен. Ал учурда АКШны Билл Клинтон башкарып жаткан эле. 20 жылдын ичинде АКШ үч жолу президентин алмаштырды, Британияда болсо беш жолу премьер-министр өзгөрдү.

Глобалдык конфликт, ички саясаттагы тирешүүлөрдөн тарта спорттогу ийгилик менен пропаганда үчүн тартылган сүрөттөр - Би-Би-Си жыйырма жылда Путинди мүнөздөгөн жыйырма сүрөттү тандады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борис Ельцин Владимир Путинди 1999-жылы август айында премьер-министр кызматына дайындаган, 31-декабрда президент кызматына киришкен

Орусия 1999-жылы октябрь айында "Экинчи чечен согушун" башталганда Владимир Путин премьер-министр кызматында болчу. Бир нече теракттан кийин Орусия Чеченстандагы аскердик операциясын баштаган эле.

Владимир Путиндин президенттик кызматы Чеченстандагы чуулгандуу окуялар менен башталды. Орусия Чеченстандын баш калаасы Грозныйды курчоого алып, аскердик операцияларын өткөрдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин 2000-жылы март айында Чеченстанга учуп барган

Орусия бир нече жыл бою террористтик чабуулдарга кабылып келди. Маселен, 2004-жылы Беслан шаарындагы мектепте 1128 киши барымтага алынып, 330 адам каза тапкан. Террорчулар орусиялык аскерлерди Чеченстандан чыгарууну талап кылышкан.

Президент Путин 2009-жылы гана Чеченстандагы аскердик миссия жыйынтыкталды деп жар салган.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2004-жылы сентябрь айында Орусиянын министрлер кабинети Беслан мектебиндеги курмандыктарды эскерүүдө

Владимир Путин 2000-жылы март айында президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок дароо дагы бир чуулу окуяга туш болду.

Суу алдында жүргөн "Курск" кемеси Баренц деңизинде кырсыкка кабылып, 118 аскер каза тапкан.

Сүрөттүн булагы, ITAR-TASS/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Путин "Курск" кемесинин командиринин үй-бүлөсү менен жолуккан, бирок өтө кеч реакция кылды деген сын-пикирге кабылган

2000-жылы август айында "Курск" кемеси кырсыкка кабылганда, Орусия бир нече күн бою кемедеги аскерлердин жакындарына кабар беришкен эмес. Президент Путин болсо башында Кара деңиздеги эс алуусунан кайтып келбей, бир нече күндөн кийин гана келген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын президенти Буш Орусиянын лидери Путинди 2001-жылы Кошмо Штаттарына чакырган. Эки лидер Буштун Техастагы үйүнө барышкан

Владимир Путинди бийликке келгенден кийин Батыш өлкөлөрү менен алакалары жакшы болчу. Бирок Путин Батыш өлкөлөрүнүн тышкы саясатын дайыма сындап келген.

Сүрөттүн булагы, ITAR-TASS/AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италиянын премьер-министри Берлускони 2003-жылы Орусияга иш сапары менен келип, Ирак маселесин талкууга алышкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2003-жылы Британиянын королевасы Елизавета II дагы президент Путинди мамлекеттик сапарга чакырган. Орусиянын лидери 1874-жылдан бери биринчи жолу Британияга мамлекеттик сапары менен келген

2006-жылы Орусия биричин жолу "Чоң сегиздик" саммитин өткөрүп, дүйнөнүн эң алдыңкы экономикалардын бири экенин тастыктаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ангела Меркел, Тони Блэр, Жак Ширак, Владимир Путин жана Жорж Буш Санкт-Петербург шаарындагы "Чоң сегиздик" саммитинде

Орусиянын конституциясына ылайык, Путин үчүнчү мөөнөткө президент катары бара албагандыктан, 2008-жылы ал өлкөнүн премьер-министр кызматына дайындалган.

Ага карабастан Орусияны президент Дмитрий Медведев башкарып жатат дегенге көптөр ишенбей, ал бир гана Владимир Путиндин буйругун аткарып жатканын жүйөө кармашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр Путин Грузия менен согуш тутанганда жаракат алгандардын абалын көргөнү барган

2008-жылы Грузия бөлүнүп кетүүнү көздөгөн Түштүк Осетияга аскерлерин жөнөткөндө, Орусия Грузиянын аймагын басып алган.

Август айындагы кыска мөөнөткө созулган согуш Батыш өлкөлөрүн тынчсыздандырган, бирок Орусиянын 2014-жылы Украинанын чыгышындагы аскердик аракеттери Москва менен Батыштын мамилелерин бузду.

Орусия Крым аймагын басып алгандан кийин Европа Биримдиги менен АКШ Москвага каршы санкция жарыялап, Орусиянын "Чоң сегиздикке" мүчөлүгүн жокко чыгарган.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2014-жылы Орусия Крымды басып алгандан кийин Путинди колдогондордун саны кескин өскөнү айтылууда

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылы август айында Путин Крымдагы мотоцикл фестивалына катышканда, Киев "Москва Украинанын көз карандысыздыгын тебелеп жатат" деп билдирген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Париж шаарында декабрда Украинанын чыгышындагы согушту токтотуу үчүн "норманд форматындагы" сүйлөшүүлөр өттү

Сириядагы жарандык согуш төрт жылга созулгандан кийин, Орусия өнөктөшү президент Башар Асадды колдоп аскерлерин жөнөткөн. Президент Путиндин Орусиянын аскердик учактарын Сирияга жөнөтүү чечими согуштун нугун өзгөртүп, Асаддын бийлигин бекемдеди.

Сүрөттүн булагы, TASS/Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Путин Сириядагы жарандык согушта Башар Асадды колдоп келет

2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңишке жеткенде, Кошмо Штаттарынын чалгын кызматтары президенттик шайлоого Орусия кийлигишти деген дооматын билдирген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кошмо Штаттарынын атайын кызматтары Орусия 2016-жылкы АКШНын президенттик шайлоосуна кийлигишти деген пикирде

2018-жылы Улуу Британиянын премьер-министри Мэй Москва Солсбери шаарчасында мурдагы орус чалгынчы Сергей Скрипалды ууландырды деп айыптаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы орус чалгынчы Скрипал ууландырылгандан кийин Британия менен Орусиянын дипломатиялык мамилелери бузулду

Президент Путин жыйырма жылдын ичинде пропаганда деп саналган сүрөттөрдү дагы жарыялап, алар кызуу талкуу жараткан. Бул сүрөттөрдө Путин өзүн күчтүү адам жана кубаттуу лидер катары көрсөтөт.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2007-жылы Монголияга чектеш аймакта Путин жарым жылаңач сүрөтүн жарыялаган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2013-жылы адамдык сапарттарын көрсөтүү үчүн Путин иттери Баффи менен Юмэни кучактап сүрөткө түштү деп сындалган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Путин дайыма спортко жакын экенин айтылат. Путин дзюдодон тышкары, хоккейге дагы кызыгат

2014-жылы Орусия Кышкы олимпиада оюндарын өткөрүп, 2018-жылы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты дагы өткөрдү. Сочидеги оюндар абдан ийгиликтүү өткөн, бирок кийин Сочиге катышкан айрым орус спортчулары мамлекеттик колдоосу менен кызытма колдонду деген дооматтар айтылган эле. Өткөн аптада Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиги Орусияны алдыдагы төрт жылда эл аралык мелдештерге катышуу укугунан ажыратты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Путин 2018-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатта

2018-жылы өткөн футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаты дагы мыкты өткөн. Бирок кызытма боюнча чуулгандуу окуядан улам Орусия 2022-жылы Катарда өткөн чемпионатка катыша албайт.

Сүрөттөрдүн автордук укугу сакталган.