БШК Чойбековду, Ормоновду, Калбердиеваны жана Мурзакимованы Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады

Сүрөттүн булагы, Official
18-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган мандаттарын башка талапкерлерге өткөрүп берди. Ага ылайык, төрт жаңы депутат расмий түрдө катталды.
Улугбек Ормонов №10 шайлоо округу боюнча Курманкул Зулушевдин ордуна, Мавлюда Калбердиева №11 шайлоо округу боюнча Шаирбек Ташиевдин ордуна, Бактыбек Чойбеков №17 шайлоо округу боюнча Нурланбек Азыгалиевдин ордуна, Алтынкүл Мурзакимова №29 шайлоо округу боюнча Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна мандат алышты.
Акыркы бир айдын ичинде бир катар депутаттар мандаттарын тапшырып кеткен. Өткөн жумада Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев жана Нурланбек Азыгалиев өз каалоосу менен арыз жазып, аны БШК канааттандырган. Ага чейин Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов өз арыздары менен депутаттыктан кеткен.


























