Саясий экспертизанын тактыгы боюнча маселе көтөрүп жүргөн активист сотко кайрылды

Сүрөттүн булагы, Жоомарт Карабаев

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев Биринчи Май райондук сотуна даттануу тапшырды. Карабаев быйыл 5-мартта Аскердик прокуратурага кайрылып, Илимдер академиясынын айрым кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Ал кызматкерлер кылмыш иштери боюнча туура эмес экспертизаларды жүргүзгөн деп эсептейт.

Ошондой эле Карабаев анын ишин караган тергөөчүнүн үстүнөн да арызданып, аны ээлеген кызматынан бошотууну суранган. Карабаев тергөөчүлөр анын ишин кароодо конституциялык жана процессуалдык укуктарын одоно бузган деп эсептейт. Ушул себептүү ал Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын тергөөчүсүнүн аракетсиздиги үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна даттануу тапшырды.

"2026-жылдын 17-мартында кошумча өтүнүч да тапшыргам. Ушул күнгө чейин жообун ала элекмин. Дагы бир жума жообун күтөм. Жообу келбесе, анда ал боюнча да сотко даттануу беребиз", — деди Карабаев Фейсбук баракчасында.

Активист Илимдер академиясынын алдындагы Мамлекет жана укук институтунун акыркы беш жылдык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүүнү да талап кылууда. Илимдер академиясы Жоомарт Карабаевдин айыптоолору боюнча комментарий бере элек.

"Ташиевдин тушунда укук коргоо органдары тарабынан укугуңар тебеленсе, Аскер прокуратурасына кайрылсаңар маселеңер чечилет" деген убадалар айтылгандыктан 2026-жылдын 5-мартында Аскер прокуратурасына мыйзамсыз политологиялык экспертизалар жана куугунтуктоолор боюнча арыз менен кайрылгам. Аскер прокуратурасы болсо иш жүзүндө арызды толук каттабай, териштирүү да жүргүзбөй жатат", - дейт Жоомарт Карабаев.

Ага 2024-жылы "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" беренелери менен айып коюлган. Төрт ай камакта жатып, кийин пробация менен бошотулган адис бул ишти саясий куугунтук деп эсептейт.

Карабаев Илимдер академиясында айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Ал өзү "буюртма экспертиза" токуудан баш тартканы үчүн УКМКнын куугунтугуна алынганын айтып келет.