You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Жоогазын ыңкылабына" 21 жыл
2005-жылдын 24-мартындагы "Жоогазын ыңкылабы" Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бийликтин алмашуусуна алып келген алгачкы ири элдик толкундоо катары калды. Бул күнү миңдеген жарандар адилетсиз шайлоого жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, өлкөдөгү саясий системаны түп тамырынан бери өзгөртүүгө умтулушкан. Арадан 21 жыл өтсө да, бул тарыхый окуя мамлекеттик башкаруудагы ачык-айкындуулук жана демократиялык баалуулуктар үчүн күрөштүн символу катары каралып келет.
2005-жылдын 24-мартында "Жоогазын ыңкылабы" Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин 15 жылдык башкаруусуна чекит койгон.
Ал маалда оппозициянын башында Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров, Эдил Байсалов өңдүү саясатчылар турган.
24-марттагы окуялардан мурун парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Аскар Акаевдин уулу Айдар жана кызы Бермет Жогорку Кеңешке шайланган. Ал эми Акаевдердин бийлигине каршы чыккан талапкерлер - мисалы, Роза Отунбаева шайлоодон четтетилген. Ошондой эле оппозициячыл саясатчылар аларга басым болгонун айтышкан.
Шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгондор өлкөдө митингдерди уюштуруп, Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.
24-мартта алгач тынч жүрүшү катары башталган митинг "Ала-Тоо" аянтына жеткенде ал жакта чогулган Акаевдин колдоочулары митингди токтотууга, сүйлөп жаткан оппозиция лидерлерин үнүн басууга аракет кылган. Эки тарап ортосунда уруш-талаш башталып, күч органдарынын кызматкерлери митинг катышуучуларын кармай баштаган.
Милицияларга ачууланган жарандар Ак үйгө барып, имаратты басып алышкан.