Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев кармалды. Бул тууралуу ИИМ 1-апрелде маалымат таратты.

Ички иштер министрлиги "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомундагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы депутат Шаирбек Ташиевди камакка алды.

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кызматын ээлеген Шаирбек Ташиев кармалды" деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Өткөн айда Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын алдында ал ИИМге суракка кирип чыккан.

Буга чейин Ташиев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суралып жатканы белгилүү болгон. Анын тарапташы Орозбек Осмонов 26-мартта Фейсбук баракчасы аркылуу Шаирбек Ташиевдин суракка барып жатканын жазган.

"Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү! Акыркы күндөрү Ташиев Шаирбек ИИМге сурак берүүдө деген маалыматтарды жазып жатасыздар. Шаирбек Ташиев күбө катары гана суракка барып жатат. Мыйзам жазган, аны сыйлаган киши катары бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткарып жатат...", - деп жазган Осмонов.

"Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча Камчыбек Ташиев да сурак берген. Кызматтан алынгандан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев туура бир айдан соң,19-мартта Бишкекке кайтып келери менен ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берген. ИИМдеги беш саатка жакын суракта маалымат бербөө тууралуу тилкат жазып бергени айтылган ИИМ Ташиев "Кыргызнефтегаз" боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралып жатканын билдирген.

"Кыргызнефтегаздагы" коррупция, Салык кызматынын иликтөөсү

ИИМ 17-мартта Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде "Кыргызнефтегаздагы" коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анын алкагында 18-мартта төрт киши кармалган. Айрым маалымат каражаттары "Кыргызнефтегаздын" башкармалыгынын мурдагы төрагасы, экс-депутат Нургазы Нишанов, "Кыргызнефтегаз" ААКтын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Руслан Алтымышев, "Регион Ойл" фирмасынын директору Назгүл Айдарова жана "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун директору, Ташиевдердин жээни дерлген Байгазы Матисаков кармалганын жазышкан.

Cалык кызматы 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялаган. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат.

Видеодо бул схеманын айынан мамлекет кеминде 3 миллиард 148 миллион сомдук пайдадан куру калганы, жалпы болжолдуу зыян 4 миллиард 175 миллион сомдон ашары көрсөтүлгөн.

16 мүнөттүк иликтөөдө 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик компаниясы өндүрүлгөн мунайдын 30% (262 миң тонна) түз өзүнүн "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна бербестен, Ташиевдерге байланышы бар жеке компанияларга сатканы айтылат. Бул фирмалар чийки затты кайра эле "Кыргызнефтегаздын" "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна иштетүүгө берип, даяр продукцияны өздөрүнө алышкан.

Мындан тышкары программада "Мока Групп" фирмасы тууралуу да сөз болот. Анын негиздөөчүлөрүнүн арасында Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев бар экени, 2020-жылдын 6-ноябрына чейин негиздөөчүсү Камчыбек Ташиев өзү болгону тууралуу сөз болот.

"Солярканы Таймурастын "Мока Групп" фирмасы да сатып алган жана андан ары мамлекеттик сатып алуулар аркылуу негизинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка муниципалдык ишканаларга саткан", - деп айтылат иликтөөдө.

Бул учурда "Кыргызнефтегазга" караштуу мунай иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компанини" УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеп турган.

Өткөн айда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан көп өтпөй Байгазы Матисаков да жумуштан бошотулган.

Таймурас Ташиев дооматтарды четке каккан

17-мартта Таймурас Ташиев айтылган дооматтар боюнча үн каткан. Ал 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" дээрлик 358 миң тонна дизелдик отун өндүрсө, өзүнүн "Мока Групп" компаниясы болгону 5 миң 463 тонна дизелдик күйүүчү май сатып алганын, бул көлөм "Кыргыз Петролеум Компани" өндүргөн дизтопливанын 1,53 % гана түзөрүн айткан.

"Мага жеткен маалыматтарга ылайык, учурда "Кыргыз Петролеум Компани" дизтопливо өндүрүшүн жакынкы күндөрү токтотуу алдында турат. Анткени, алардын кампалары толуп, дизтопливону сатып алуу кескин азайганы айтылып жатат. Анын тийиштүү адистери жеке фирмаларга байланышып, дизтопливо сатып алуусун сунуштап, кардар издеп жатышканы дагы белгилүү болду. Тийиштүү тараптардан болсо, бизге байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратпооңуздары суранабыз", - деп жазган Таймурас Ташиев.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Акыркылардан Гүлсүнкан Жунушалиева, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев жана Кубанычбек Конгантиев өз каалоосу менен арыз жазып, аны БШК канааттандырган. Ага чейин Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов өз арыздары менен депутаттыктан кеткен.