You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Кыргыз паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн чет өлкөдө колдонууда көйгөй болуп жатабы?
Бүгүн, 31-мартта "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн чет өлкөлөрдөгү макамына жана таанылышына арналган атайын маалымат жыйыны өттү. Буга чейин социалдык тармактарда Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Прибалтика мамлекеттеринде жаңы күбөлүктөр таанылбай жатканына даттангандар болгон.
"Шерой" компаниясы "Томми Молл" соода борборун алар сатып алганын маалымдады
Буга чейин ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун кызына таандык деп айтылып келген "Томми Молл" соода борбору "Шерой" курулуш компаниясына сатылганы тууралуу маалымат тарады. Компания аны 1 миллиард 200 миллион сомдун тегерегиндеги суммага сатып алганын Би-Би-Сиге тастыктады.
Израилде терроризм үчүн соттолгон палестиналыктарды өлүм жазасына тартуу боюнча талаштуу мыйзам кабыл алынды
Израил парламенти (Кнессет) дүйшөмбү күнү террордук чабуулдар үчүн соттолгон палестиналыктарга стандарттуу жаза катары өлүм жазасын белгилеген мыйзамды кабыл алды. Критиктер жаңы мыйзамды дискриминациялык деп аташса, бир катар Европа өлкөлөрү бул "демократиялык принциптерге" доо кетирүү коркунучун жаратат деп эскертүүдө.
Ынтымак Ордо бир катар мэр-аким, орун басарларды алмаштырды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык бүгүн, 31-мартта бир нече шаардын мэрлери алмашып, райондук администрация башчылыгына жаңы адамдар дайындалды. Ошондой эле Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын башчыларынын орун басарлары алмашты.
"Баары интернетсиз калышты". Москвада интернеттин өчүрүлүшү бизнеске кандай таасирин тийгизди?
Март айы Москванын борборунда мобилдик интернетти өчүрүү менен башталды. Навигация, төлөм терминалдары, жада калса акы төлөнүүчү дааратканалар да иштебей калды. Болжол менен 24-мартта чектөөлөр бир аз азайды. Би-Би-Синин Орус кызматы ишкерлерди кепке тартып, байланыштын үзгүлтүккө учурашы алардын бизнесине кандай зыян келтиргенин сурады.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Саясий экспертизанын тактыгы боюнча маселе көтөрүп жүргөн активист сотко кайрылды
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев 30-мартта Биринчи май райондук сотуна даттануу тапшырды.
Айдарбеков ага депутаттык мандат берилбей жатканы боюнча үн катты
Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча талапкер Чыңгыз Айдарбеков өзүнө мандат тапшырылбай жатканына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясын сындады. Ал бул округдан мандатын тапшырган Куванычбек Конгантиевдин ордуна депутат болуп келиши керек болчу. Бирок БШК Айдарбековдун соттолгон-соттолбогону боюнча Ички иштер министрлигинен маалымат күтүп жатышканын айтып, мандат берүүнү кечеңдетүүдө.
Султанбай Айжигитовдун иши: Шаардык сот айып пул салды, саясатчы Жогорку Сотко арызданарын айтты
Бишкек шаардык соту 16-марттагы отурумунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султанбай Айжигитовго УКМК тарабынан ачылган кылмыш ишин карап, биринчи инстанциядагы сот өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык, саясатчы 500 миң сом айып пул төлөшу керек.
Трамп АКШ Ирандын Харк аралын ээлеп, мунайын басып алышы мүмкүн экенин айтты
Дональд Трамп Financial Times басылмасына маек куруп, анда АКШ “Ирандагы мунайды алып коюшу мүмкүн” жана өлкөнүн негизги мунай-отун хабы болгон Харк аралын басып алышы ыктымалдыгын айтты.
Орусиядагы казак жарандары катышкан массалык мушташ иликтенип жатат
Казакстандын Ички иштер министрлиги 26-мартта Орусиянын Ленинград аблусундагы Усть-Луга вахталык конушунда казак жумушчулары катышкан массалык мушташ чыкканын ырастады.
Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" иши боюнча актоо өкүмүн чыгарды
Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып жаткандарды актап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Ысык-Көлдө ири жол кырсыгынан алты адам каза болду
27-мартта болжол менен саат 15:00дө Ысык-Көл районунун Ананьево жана Кожояр-Ата (Семеновка) айылдарынын ортосунда алты адамдын өмүрүн алган каргашалуу жол кырсыгы катталды.
"Томми молл" батирдей эле бааланып кеткен". Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президентке кайрылды
Кыргызстанда иш козголуп, бир нече жылдан бери чет өлкөдө жүргөн белгилүү ишкер, "Аю" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбук баракчасы аркылуу мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылды. Анда ал өзүнө таандык болгон Бишкектеги белгилүү эки ири соода борборунун тагдыры жана мамлекеттик органдардын чечимдеринин адилеттүүлүгү боюнча маселе көтөрдү.
Тил сынагынан бошотуу, миграциялык мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү. Спикер Орусияда дагы эмнелерди сунуш кылды?
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
"Айдама эмес, колду узартат". Эмнеге Бишкекте филиппиндик үй кызматчыларга суроо-талап өсүп жатат?
42 жаштагы филиппиндик айым Рэтчел Кыргызстанга келгенине үч ай эле болду. Учурда ал 34 жаштагы төрт балалуу жергиликтүү ишкер айым Аселдин колун узартып жаткан чагы. Рэтчел буга чейин Сауд Арабияда, анан Гонконгдо иштеген, соңку иштеген жери жакпай калып, эми ал бир жылдык келишим менен Бишкекке келди.
Перс булуңундагы өлкөлөр эмне үчүн Ирандан өч албай жатышат?
АКШ жана Израилге каршы согуштун бир бөлүгү катары Иран Перс булуңунда ракеталык соккуларды урууну улантып жатат. Азырынча Катар жана Перс булуңундагы башка өлкөлөр кайра-кайра бутага алынганына карабастан Иранга каршы жооп кайтарбай турууну чечкен. Алар эмне үчүн сокку уруудан карманып жатышат жана канткенде алар иш-аракетке өтүшү ыктымал?
Жогорку Кеңеш: жабык эшик артындагы оюндар, саясий интригалар
Кыргызстандагы соңку саясий окуялардын эпкини Жогорку Кеңешке көбүрөөк тийди көрүнөт. Парламент төрагасы баш болуп, кеминде сегиз депутат мандатын тапшырып кетти. Баары "өз каалоом менен" деп арыз жазганы менен бир да депутат эмнеге кетип жатканын так, ачык түшүндүргөн жок. Айрымдары ден соолукка байланыштуу деп жүйө келтирди. Башкалары "саясий туруктуулук", "элдин тынчтыгы" деген жалпы сөздөр менен чектелди.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.