Саясий экспертизанын тактыгы боюнча маселе көтөрүп жүргөн активист сотко кайрылды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев 30-мартта Биринчи май райондук сотуна даттануу тапшырды.

Карабаев быйыл 5-мартта Аскердик прокуратурага кайрылып, мыйзамсыз политологиялык экспертизаларга жана куугунтуктоолорго байланыштуу УКМКнын кызматкерлерине чара көрүү боюнча Аскер прокуратурасына кайрылган:

"Аскер прокуратурасы арызымды толук каттабай, териштирүү жүргүзбөгөндүктөн кечээ, 30-мартта Биринчи май райондук сотуна Аскер прокуратурасынын мыйзамсыз аракеттери/аракетсиздиги үчүн кайрылгам. Мыйзамсыз политологиялык экспертизаларга ж.б. мыйзамсыз иштерге байланыштуу Илимдер академиясынын кызматкерлерине чара көрүү тууралуу УКМКга арыз менен 5-мартта кайрылгам. 17-мартта УКМКга кошумча өтүнүч менен кайрылгам. УКМКдан эч жооп ала элекмин. УКМКга жазган арызым боюнча сотко эми кайрылам", - деди Карабаев.

Илимдер академиясы Жоомарт Карабаевдин айыптоолору боюнча комментарий бере элек.

"Ташиевдин тушунда укук коргоо органдары тарабынан укугуңар тебеленсе, Аскер прокуратурасына кайрылсаңар маселеңер чечилет" деген убадалар айтылгандыктан 2026-жылдын 5-мартында Аскер прокуратурасына мыйзамсыз политологиялык экспертизалар жана куугунтуктоолор боюнча арыз менен кайрылгам. Аскер прокуратурасы болсо иш жүзүндө арызды толук каттабай, териштирүү да жүргүзбөй жатат", - дейт Карабаев.

Ага 2024-жылы "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" беренелери менен айып коюлган. Төрт ай камакта жатып, кийин пробация менен бошотулган адис бул ишти саясий куугунтук деп эсептейт.

Карабаев Илимдер академиясында айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Ал өзү "буюртма экспертиза" токуудан баш тартканы үчүн УКМКнын куугунтугуна алынганын айтып келет.