Тегерандагы жайкын тургундардын өмүрүн алган чабуул

Тегерандагы жайкын тургундардын өмүрүн алган чабуул

Ирандын борбору Тегеранга сокку урулуп жатканына бир айдан ашты. Би-Би-Си изилдеп чыккан маалыматтар акыркы төрт аптада Израил бул шаарды 3600 бомба жана ракета менен бутага алып, 38 полиция бекетине жана Басиж күчтөрүнүн базаларына сокку урганын көрсөттү. Алардын көпчүлүгү калктуу конуштардын чордонунда жайгашкан. АКШ мындай маалыматты бербейт. Бирок Америка тарап жалпысынан Ирандын аймактарына 10 миң жолу чабуул койгонун кабарлады. Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматынын улук иликтөөчү журналисти Навал Ал-Магафи спутник сүрөттөрү, Тегеранды ичинен көрүүгө түзүлгөн сейрек мүмкүнчүлүк, соцмедиадагы маалыматтар жана интервьюлар аркылуу соңку чабуулдарды изилдеп көрдү.