You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ынтымак Ордо бир катар мэр-аким, орун басарларды алмаштырды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык бүгүн, 31-мартта бир нече шаардын мэрлери алмашып, райондук администрация башчылыгына жаңы адамдар дайындалды. Ошондой эле Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын башчыларынын орун басарлары алмашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык ылайык, Ала-Бука районунун акими Руслан Айтбаев иштен алынып, анын ордуна Темирболот Абыкеев жаңы аким болду.
Майлы-Суу шаарынын мэри Алтынбек Жумаевдин ордуна Алмаз Байгазиев келди.
Базар-Коргон районунун акими Талантбек Эдилов иштен алынып, анын ордуна Алтынбек Бектуров дайындалды.
Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев иш ордун Эдилбек Тажимырзаевге өткөрүп бермей болду.
Нуртилек Орозбаев Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
Жылдызбек Беккелдиев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды, мурунку мэр Жайнак Немат уулу иштен бошотулду.
Москва районунун жаңы акими болуп Илияз Ташбаев дайындалды, мурунку аким Ниязбек Козуев президенттин тескемеси менен иштен алынды.
Булардан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, облус башчыларынын орун басарлары да алмашты.
Жылдыз Мамбетова Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Уларбек Исмаилов Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болду.
Москва районунун акими болуп дайындалган Илияз Ташбаевдин ордуна Мирлан Орозбаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп келди.
Президенттик администрация бул жаңы дайындоолордун жана алмаштыруулардын себебин түшүндүргөн жок. Бул кыргыз бийлиги бир күндө мынчалык көп адамды алмаштырган сейрек учур.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.