You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Күнүнө 600 миллион доллар түшпөй калды”. Туристтерди чочуткан согуш
“Күнүнө 600 миллион доллар түшпөй калды”. Туристтерди чочуткан согуш
АКШнын жана Израилдин Иран менен согушу Перс булуңундагы туризм тармагын да аксатып койду. Согуштан улам Перс булуңунда алдын ала дайындалган сапарлар токтотулуп, каттамдар үзгүлтүккө учурады. Мындан улам күнүнө миллиондогон доллардык киреше алып келип турган туризм индустриясы кыйынчылыкка туш болууда. Убагында өздөрүн коопсуз жана элиталык деп мүнөздөп келген мейманкалар менен курорттор санаркап турушат.