"Сурак алты саат болгон". Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Башкы прокуратурага кайрылды

Окуу убактысы: 2 мүнөт

"Бир Дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылды. Укук коргоочу өткөн айда өзүнүн милицияга жеткирилишин жана суракка алынышын мыйзамсыз деп эсептейт.

Исмаилованын айтымында, 2026-жылдын 13-мартында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аны кеңсенин жанынан күч менен кармап кетишкен. Башкы прокуратурага жазган арызында ал эч кандай чакыруу кагазы жиберилбегендиктен, муну мыйзамсыз болгон деп эсептейт.

Ал күнү Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүсү Исмаиловага карата Facebook баракчасына экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жайгаштыруу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын билдирген. Алты саатка созулган сурак учурунда Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш тууралуу жарыяланган материалдар жана алардын булактары, "Бир Дүйнө Кыргызстан" уюму тууралуу суроолор берилген. Укук коргоочу бул аракеттерди туура эмес деп эсептейт.

Исмаилова тергөө тарабынан соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалганы менен тиешелүү токтом менен таанышууга уруксат берилбегенин да айтууда.

Ал текшерилип жаткан материалдар Украинанын элчилигинин, БУУнун жана расмий маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө жасалган репосттор гана экенин белгилейт. Укук коргоочу өзүнүн аракеттерин Конституцияда кепилденген ой-пикирди эркин билдирүү укугунун алкагында болгон деп эсептейт.

Даттануунун алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин аракеттерине тиешелүү укуктук баа берүү талабы коюлду. Ошондой эле Төлөкан Исмаилова өзүн мажбурлап алып келүүнү мыйзамсыз деп таанууну , экспертиза дайындоо тууралуу токтомду берүүдөн баш тартуу фактысы боюнча прокурордук чара көрүүнү жана аталган токтомду жокко чыгарууну суранган.

Милиция митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес

13-мартта милиция укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен эколог-активист Бермет Бөрүбаевага Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын алдында тынчтык жыйынын өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Бишкек милициясы Төлөкан Исмаилованы, Бермет Бөрүбаевага жана оператор Булат Сатаркуловго түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн ырастаган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жагдайды тактоо үчүн 1954-жылы туулган Т.И., 1988-жылы туулган Б.Б. жана 1971-жылы туулган Б.С. Бишкек шаардык ИИББге жеткирилди. Тиешелүү материалдар толтурулгандан кийин алар коё берилет. Колдо бар маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын имаратынын алдында "КР жарандарынын тынчтык чогулуштарына эркиндик" аттуу акциясын өткөрүү пландалган. Милиция кызматкерлери тарабынан уруксат берилбеген митингди өткөрүү аракетине бөгөт коюлду" деп айтылган милициянын маалыматында.

2022-жылы мартта Биринчи Май райондук соту Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, эски аянттагы Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Кийинчерээк Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да акция өткөрүүгө чектөө киргизилген. Бул чектөөнүн мөөнөтү ошондон бери улам узартылып келет.

Биринчи Май райондук сотунун 26-марттагы чечими менен бул чектөө 30-июнга чейин узартылганы маалымдалды.