Агартуу министрлиги Ноокендеги бала бакчада суу жылыткыч жарылган окуя боюнча маалымат таратты

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы бала бакчада 31-март күнү таңкы саат 06:15 чамасында 80 литрлик суу жылыткыч (бойлер) жарылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, кырсыктан бакчанын ашканасы, азык-түлүк кампасы, медайымдын бөлмөсү жана кир жуучу жайы жараксыз абалга келген.

Маалыматтарда жарылуунун кесепетинен жалпысынан 11ден ашык бөлмө зыян тарткан. Кырсык болгон учурда балдардын тайпалары жайгашкан бөлмөлөрдө киши болгон эмес, кызматкерлер да жабыркаган жок. Учурда ӨКМдин райондук бөлүмүнүн корутундусу чыкканга чейин бала бакчанын иши убактылуу токтотулган. Жеринде тиешелүү кызматтар жана жарандык коргонуу бөлүмдөрү иш алып барууда.