You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кыргызнефтегаз" иши: Ташиевдин жээни Матисаков тергөө абагынан бошотулду
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, "Кыргызнефтегаз" ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун мурдагы директору Байгазы Матисаков үй камагына чыгарылды.
Айрым маалымат каражаттары ал тергөө менен кызматташууга барганы үчүн үй камагына чыгарылганын жазышууда.
"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 02-апрелиндеги токтому менен Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталган М.Б.Ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2026-жылдын 16-майына чейин аныкталган" деп айтылат соттун маалыматында.
Байгазы Матисаков "Кыргызнефтегаздагы" коррупция иши боюнча кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча айып тагылган. Тергөөдө Матисаков аффилирленген компаниялар аркылуу мунай продуктуларын мыйзамсыз сатууга байланышкан схемалардын катышуучуларынын бири катары өткөн.
Март айында Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" ишканасында текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү коррупциялык схемалар аныкталганын жарыялаган. Иликтөөдө аталган ишканадагы жемкорлук фактыларына Ташиевдердин жакындарынын тиешеси бар экени айтылган. Бул иш боюнча мамлекетке келтирилген жалпы зыян 4,1 миллиард сомдон ашык деп бааланууда.
Ички иштер министрлиги "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомундагы коррупцияга байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевди 1-апрелде кармаган.
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалды. Тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган. Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат. Тергөө иштери уланууда. Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шайырбек Ташиев тарабынан өндүрүлүшү тийиш" деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Өткөн айда Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын алдында ал ИИМге суракка кирип чыккан. Бул иш боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев да сурак берген.