You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп улутка кайрылуусунда Иранга каршы согушту "абдан тез" токтоторун убада кылды
АКШ президенти Дональд Трамп телекайрылуусунда АКШ менен Израилдин Иранга каршы бир ай мурда башталган согушу качан аяктай турганын так айткан жок. Ал согуш аяктоого жакын экенин кайталап, Тегеранга "өтө күчтүү сокку" уруларын дагы бир жолу эскертти.
Трамп америкалык аскерлер Иран менен согушта коюлган милдеттерди дээрлик аткарганын жана жаңжал жакында бүтөрүн айтты. "Биз ишти бүтүрөбүз жана аны абдан тез бүтүрөбүз. Биз максатыбызга абдан жакындадык", — деди ал.
АКШ президенти дагы бир жолу АКШ Ирандын деңиз флотун жана аба күчтөрүн жок кылганын, ошондой эле баллистикалык ракеталар жана өзөктүк программаларын шал кылганын айтты. Анын айтымында, соккулар кийинки эки-үч жума уланат. "Бүгүн кечинде бул негизги стратегиялык максаттар аяктоого жакын калганын айтып жатканыма кубанычтамын", — деди Трамп 19 мүнөткө созулган кайрылуусунда.
Ал ошондой эле Ормуз кысыгы АКШга эмес, башка өлкөлөргө керек экенин кайталады. Тегеран бир айдан бери бул кысыкты бөгөттөп салган. Иштин чоң бөлүгү ишке ашты, жаңжал аяктаганда кысык кадимкидей эле ачылып калат дейт Трамп. "Кийинки эки-үч жумада биз аларга өзгөчө катуу соккуларды урууга даярданып жатабыз. Биз аларды таш дооруна алып барабыз, өз ордуна", — деп кошумчалады ал.
Күйүүчү майга болгон баалардын өсүшүн Трамп "убактылуу" көрүнүш деди: "Көптөгөн америкалыктар бул жакта, үйүндө бензиндин баасынын өсүшүнө тынчсызданып жатышат. Бул кыска мөөнөттүү кымбаттоо Ирандын согушка такыр тиешеси жок өлкөлөрдүн коммерциялык мунай танкерлерине акылга сыйбаган террордук чабуул жасаганынан улам болду".
АКШ президенти Вашингтондун Иран менен согуштагы "башкы стратегиялык максаттары" аягына чыгып калды дегенден кийин биржада курстар түшүп, доллар бекемделди, бирок мунайдын баасы кайрадан өстү. Бул тууралуу Reuters белгиледи.
АКШ президенти согуш аяктап калганы тууралуу биринчи жолу жар салып жаткан жок. Иранга АКШ менен Израил 28-февралда кол салган. "Биз жакында кетебиз", — деди Трамп шейшемби күнү журналисттерге. Анын айтымында, бул эки-үч жумада ишке ашышы мүмкүн.
Шаршемби күнү Трамп Иран АКШдан ок атууну токтотууну суранып кайрылганын, бирок ал бул маселени Ормуз кысыгы ачылгандан кийин гана карай турганын айткан. Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлиги Трамптын бул билдирүүсүн калп деди.
Axios булактары кысык ачылса, ок атууну токтотуу мүмкүндүгү талкууланганын, бирок мындай келишим канчалык мүмкүн экенин айтуу кыйындыгын билдиришти. Шейшембиде Кытай менен Пакистан бул багытта тынчтык жолдорун сунушташты.
Иран болсо Вашингтон менен тикелей сүйлөшүү жүргүзүп жатканын такай четке кагып келет. Ирандын ТИМ өкүлү Эсмаил Багаи Трамптын билдирүүсүн "калп жана негизсиз" деп атады.