You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Согуш министри аталган Пит Хегсет деген ким?
Сөздү ылгабай сүйлөгөн АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет Ирандагы согуштун биринчи айында дүйнөлүк башкы ньюсмейкерлердин бири болду. Согушту алып баруунун эрежелерин "былжырактык" деп атаган Fox News телеканалынын мурунку алып баруучусу Пентагонго жаңы келгенде аны "бир силкинтем" деп убада кылган. Ал "чектен чыккан аппаратка", инклюзивдүүлүк саясатына жана журналисттерге согуш жарыялаган. Бирок ал коомчулуктун эсинде көбүнчө Иранга каршы согушу менен калат окшойт.
Согуш талаасындагы сандырактык
2005-жыл, Ирактагы согуштун кайнап турган убагы. 2003-жылдын жазында Саддам Хуссейндин туруктуу армиясын ыкчам талкалоо АКШ каалаган жеңишти камсыз кыла алган жок. Партизандык куралдуу каршылык өсүп, аны менен кошо өлкөдөгү америкалык аскерлердин саны да көбөйдү. Америкалыктар арасында башында согушту колдогондор көп эле, бирок бара-бара ал колдоо азайып жатты.
Багдадга жөө аскерлердин командири болуп 25 жаштагы Принстон университетинин бүтүрүүчүсү, лейтенант Пит Хегсет келет. Кийинчерээк Хегсет аскер юристи анын жоокерлерине согушту кантип жүргүзүү керектигин айтып бергенин эскергени бар. Юрист: "Эгер душман граната аткыч менен турса дагы, ал сага ок атам деп аракет кылбаса, ага ок чыгарбоо керек" - деген.
Хегсет өзүнүн "Согушка каршы согуш" китебинде ал жыйындан кийин аскерлерин чогултуп, бул "сандырактыкты" башынан чыгарып салууну буйруганын жазат:
"Жигиттер, эгер силер душманды көрсөңөр жана ал силерге кооптуу сезилсе - ок чыгарасыңар жана жок кыласыңар. Бул жиндидей болгон эреже, анын айынан биздин адамдар өлүп жатат", - деген ал.
20 жылдан кийин Пит Хегсет АКШнын Коргоо министрлигин жетектеп калды. Трамптын экинчи мөөнөтүндө ал "Согуш министри" деген бейрасмий атка ээ болду.
"Азыркы аскерлер юристтер менен жаман кишилерден кем эмес күрөшүшөт. Биздин душмандар адвокат жалдабай, ок жеши керек", - деп жазган ал өз китебинде.
Туткундарды жана жай тургундарды коргогон эл аралык документтерди - Женева конвенцияларын - Пентагондун башчысы: "80 жыл мурун кызыл жыгачтан жасалган эмеректе отурган, өзүн укмуш сезген эркектер тарабынан жазылган эрежелер" - деп атаган. Эл аралык укукка болгон мындай мамиле Дональд Трампка да жакын келип, АКШнын Ирандагы кампаниясында маанилүү ролду ойноп жатат.
Гуантанамодогу Хегсет
Пит Хегсеттин балалыгы Миннесота штатындагы кооз көлдөрү бар Форест-Лейк шаарында өткөн. Атасы жергиликтүү мектепте баскетбол боюнча машыктыруучу, апасы бизнес-коуч болчу. Хегсет мектепти 1999-жылы эң мыкты окуучу катары аяктап, бүтүрүү кечесинде коштошуу сөзүн сүйлөгөн.
Анын жогорку баллдары Принстон университетине "Саясат таануу" адистигине өтүүсүнө жол ачкан. Университетте баскетбол командасында ойноп, ошол эле маалда студенттердин консервативдик басылмасын жетектеген. Ошондой эле АКШ армиясынын запастагы офицерлерди даярдоо программасына (ROTC) катышкан.
Окууну бүткөндөн кийин ал офицер наамын алып, АКШнын Улуттук гвардиясында кызмат өтөй баштайт. 2004-жылы Форт-Беннинг базасында даярдыктан өтүп, Кубадагы Гуантанамо базасына жөнөтүлөт. Ал жерде түрмөдөгүлөрдү кайтарган взводду жетектейт. Пит Хегсет ал жерде бир жылга жетпеген убакыт болуп, кийинчерээк кыйноолорга катышпаганын билдирген.
2025-жылы Сенаттагы угууларда анын талапкерлиги каралып жатканда, ага бул сөздөрүн эске салышып, 11-сентябрдагы теракттын уюштуруучуларын "суу менен кыйноо" ыкмасы тууралуу сурашат. Хегсет бул суроодон буйтап: "Өлкөдө иштеп жаткан мыйзам боюнча мындай ыкмага уруксат жок" - деп жооп берген.
"Биз - согушту мыйзам менен алып барган өлкөбүз, биздин формачан эркектер жана аялдар дайым ушундай аракеттенешет",- деп жазат Хегсет китебинде. - Бирок кондиционер алдында отурган көп адамдар караңгы жана опурталдуу жерлерде жүргөн балдарга, душмандын аймагында тик учак менен жүргөн аялдарга сөөмөй кезегенди жакшы көрүшөт. Ал аскерлер Вашингтондогу адамдар эч качан даабаган иштерди жасап келишет".
Сенаторлордо дүйнөдөгү эң кубаттуу кол башчылык кызматка Хегсетти дайындоо учурунда анын кыйноолорго карата мамилеси эле оңтойсуздук сезим жараткан эмес.
Стрип-клубдагы кече
Гуантанамодогу бир жылга жетпеген убакыттан кийин Хегсет Иракка жөнөтүлөт. Америкага кайтып келип, өзүн жаңы ролдордо сынай баштайт. Гарвардда магистратурада билим алып, чоң саясатка келүү аракетин да жасайт. 2012-жылы Сенатка болгон республикалык праймеризге катышат, бирок партиялык курултайдагы добуш берүүдө ийгиликке жетпей калат.
Ал "Vets for Freedom" (кыргызчага которгондо: "Ардагерлерге эркиндик") аттуу уюмду жетектейт. Анын бул тажрыйбасы ийгиликтүү болдубу, айтуу кыйын, анткени ал башкарып турган учурда уюм ири карыздарга баткан. ЖМКларда жарыялангандай, донорлор финансылык аудит жүргүзүшүп, Хегсетти башкаруудан четтетишкен.
Андан кийин ал өз ыктыяры менен Ооганстанга жөнөйт. Бирок согуштун алдыңкы саптарына эмес, Кабулдагы козголоңчуларга каршы даярдык боюнча борбордо улук инструктор болуп иштейт. Кабулдан кайтып келип, дагы бир ардагерлердин уюмун - "Concerned Veterans for America" (CVA же "Тынчсызданган ардагерлер Америка үчүн") жетектейт. Бирок анын бул жетекчилик тажрыйбасы мурункусунан да ызы-чуулуу болот.
2014-жылы New Yorker басылмасы жазгандай, Хегсет кызматкерлерин стрип-клубга эс алууга алып барып, катуу мас болгон. Кесиптештери аны сахнадагы кыздарга чыгам деген аракетинен араң токтотушкан. Коргоо министри болор алдында Хегсет өзүнө карата коюлган ушундай бардык айыптоолорго жооп берүүгө туура келди.
Уюмдун бир нече мурунку кызматкерлери ички колдонуу үчүн доклад даярдап, ал жерде Хегсеттин башка да туура эмес аракеттери тизмектелген. Анда Хегсеттин жумушка бир нече жолу мас болуп келгени, иш-чаралардан сүйрөп кетүүгө туура келген учурлар болгону айтылат. Мурунку кызматкердин 2015-жылы май айындагы өзүнчө даттануусунда, Хегсет жумуш сапарында мас болуп алып: "Бардык мусулмандарга өлүм!" — деп кыйкырганын жазган.
CVA уюмунун мурунку кызматкерлери билдиргендей, уюмда жагымсыз атмосфера жаралып, айрыкча аялдарды "шаан-шөкөттү жактырган" жана "жактырбаган" деп бөлүп жаруу, аларга кырс мамиле кылуу адатка айланган. New Yorker билдиргендей, Хегсет уюмдан 2016-жылы басым астында кетүүгө аргасыз болгон. Бирок расмий түрдө ал "ич ара келишүү менен кетти" деп жарыяланган.
Ал Коргоо министри болуп дайындалганга чейин дагы бир шек жараткан жагдай ачыкка чыкты. 2017-жылы бир аял Хегсетти жыныстык зомбулук үчүн айыптап, бирок ал иш расмий айып коюлбай аяктаган. Associated Press жазгандай, Хегсет даттанган аялга 50 миң доллар төлөп, ишти токтоткон. Бирок ал өзү бул байланыш эки тараптын тең каалоосу менен болгонун айтып келет.
Мас болуу жана татыксыз иш-аракеттер тууралуу дооматтар Сенаттагы угууларда жаңырганы менен, демократтардын суроолору Коргоо министрине талапкер болгон Хегсеттин кылын да кыйшайткан жок. Ал актанбастан эле контрчабуулга өтүп, айыптоолордун көбүн аны каралоо кампаниясы катары мүнөздөдү. Коомдук жерде сүйлөөгө жана мындай басымга ал бул убакытка чейин такшалып калган эле.