Перс булуңундагы өлкөлөр эмне үчүн Ирандан өч албай жатышат?

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согуш башталгандан бери Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жарандык инфраструктурасына, анын ичинде Дубайдын эл аралык аэропортуна чабуулдарды жасады.
    • Author, Luis Barrucho
    • Role, BBC World Service
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

АКШ жана Израилге каршы согуштун бир бөлүгү катары Иран Перс булуңунда ракеталык соккуларды урууну улантып жатат.

Израил Ирандын Түштүк Парстагы дүйнөдөгү ири жаратылыш газы жайгашкан аймагына чабуул койгондон кийин Иран бейшемби күнү Катардын Рас Лаффан энергетика комплексине сокку урду.

Азырынча Катар жана Перс булуңундагы башка өлкөлөр кайра-кайра бутага алынганына карабастан Иранга каршы жооп кайтарбай турууну чечкен. Алар эмне үчүн сокку уруудан карманып жатышат жана канткенде алар иш-аракетке өтүшү ыктымал?

Алсыздык көп, артыкчылык аз

АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы биргелешкен аскердик сокку урганда Тегеран Израилге каршы жооп кайтарып, Перс булуңундагы АКШ менен үзөңгүлөш өлкөлөргө да чабуул жасады.

Бахрейн, Кувейт, Сауд Арабия, Катар, Оман жана Бириккен Араб Эмираттары баары бутага алынды.

Аймактагы АКШнын аскердик авиабазаларына сокку урулуп, Перс булуңундагы расмийлердин айтымында, Иран жарандык инфратүзүмдөрдү да, анын ичинде аэропортторду, мейманканаларды, турак-жай аймактарын жана энергетика объекттерин аткылаган.

Ошентсе да азыркы күнгө чейин Перс булуңундагы өлкөлөр Иранга каршы өз алдынча чабуул жасабай турууну жана согушка түз кийлигишпей турууну чечкен.

"Алардын көз карашынан алганда, бул алардын согушу эмес. Өч алуу менен алар алсыз байкоочулардан чоңураак бутага айланып калуу коркунучу бар. Мында алар утканга караганда көбүрөөк жоготууга учурашат", – дейт Сина Тусси. Ал АКШдагы Эл аралык саясат борбору аттуу аналитикалык борборунун конок илимий изилдөөчүсү.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Туссинин айтымында, кармануу чечими "алсыздык, стратегиялык эсеп жана чектелген артыкчылыктардын айкалышы" менен шартталган.

Перс булуңундагы өлкөлөрдүн экономикасы энергетика инфратүзүмүнөн, суу жолу жана инвестор ишениминен көз каранды. "Анын баарын Иран үзгүлтүккө учуратып кое аларын көрсөттү", – деп белгилейт Тусси.

Белгилей кетчү жагдай, Иран Перс булуңу менен Ормуз кысыгын өзүнүн таасир этүү рычагы катары пайдаланып келатат. Бул эки жер дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү суу жолу экенин белгилейт ал.

Бирок Билал Саабдын айтымында, эгерде Перс булуңундагы мамлекеттер Иранга сокку урбай турган болсо, "алар түпкүлүктө олуттуу зыяндардын эч кандай кесепети болбойт деген белгини Тегеранга берип жаткан болот". Билал Сааб Trends Research & Advisory уюмунун башкы директору жана Трамптын биринчи президенттигинин тушунда Пентагондо иштеген.

"Кыска мөөнөттөн алганда, аскердик жооп кайтаруу Иранды соккуларын токтотууга мажбурлоого түртөт. Ал эми узак мөөнөттөн алганда, келечектеги Ирандын агрессиясына каршы токтотуп кармоо чараларын көрүүнү билдирет".

Ал кошумчалагандай, коркунуч "олуттуу" болушу ыктымал. Анткени Перс булуңундагы өлкөлөрдүн соккусу согушка олуттуу таасир этип-этпеши же стратегиялык жактан туура болуп-болбосу белгисиз.

Перс булуңундагы мамлекеттер Израилди жана анын аймактагы максатын кубаттоодон карманып жатканын көрүүгө болорун айтат Роб Гайст Пинфолд. Ал Лондондогу Королдук коллежинин эл аралык коопсуздук боюнча окутуучусу.

"Израил бул согушка АКШны тартып киргендей сезилет", – деп кошумчалайт ал.

"2003-жылдагы окуялар"

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран аймактагы Американын аскердик базаларына сокку уруу менен бирге, жарандык инфраструктурага, анын ичинде Дубайдагы бул мунарага да сокку урду.

Перс булуңундагы көп өлкөлөр үчүн Ирактагы АКШ жетектеген согуштун кесепети аймакта таасирин жогото элек экенин айтат Пинфолд.

2003-жылы АКШ Иракты басып алып, Саддам Хусейндин бийлигин тез эле кулаткан. Бирок анын артынан бийлик боштугу жаралып, Иракта жана жалпы эле аймакта козголоңго, диндер аралык зордук-зомбулукка жана көп жылга созулган туруксуздукка алып келген.

"2003-жылдагы окуялардын элеси калкып тургандай", – дейт Пинфолд.

Пинфолддун айтымында, Перс булуңундагы өлкөлөр азыр АКШ "мөөнөтсүз эле так максаты жок же согуштан кийинки багыты жок өнөктүк жүргүзүп жатат" жана аймакта "бытырандылык орноп калат" деп коркуп турушат.

Бирок Перс булуңунда АКШ менен Израилдин баштаган согушуна көңүлү түшүп турганы менен алар Американын аскердик коргоосунан аябай көз каранды.

Перс булуңундагы өлкөлөр АКШнын аскердик базаларынан тышкары чалгындоо багытында маалымат бөлүшүп, АКШнын абадан коргонуу системасына таянат.

Перс булуңундагы өлкөлөрдүн расмийлери билдиргендей, дал ушул абадан коргонуу системалары Ирандан атылган ракеталардын көбүн аныктап тосуп калган.

"Алар [Перс булуңундагы өлкөлөр] саясий деңгээлде АКШны сынга алып жатканы менен иш жүзүндө жана аскердик деңгээлдеги мамиле сыноодон өткөн жана ал сыноолор ийгиликтүү эле болгон", – дейт Пинфолд.

АКШ өткөн айда чабуулдарды баштагандан бери өз аскердик өнөктүгүнө байланыштуу ар кандай максаттарды айтып келатат. Биринде Ирандын өзөктүк куралдарды жасоо жөндөмүн кыйратам десе, дагы биринде бийликти толугу менен алмаштырарын айткан.

Ошентсе да Перс булуңундагы лидерлер кол салууну токтотуунун жападан жалгыз жолу дипломатия деп эсептешерин айтат Пинфолд.

"Эч бирине ок атылбасын камсыздоонун жападан жалгыз жолу кандайдыр бир келишим түзүү жана кандайдыр бир мунасага жетүү".

Аймактагы бөлүнүү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын учкучсуз аппаратынын чабуулунан кийин "Saudi Aramco" компаниясынын Рас-Танура мунай иштетүүчү заводунан көтөрүлгөн түтүн.

Пинфолддун айтымында, Иран Перс булуңундагы бардык мамлекеттерди "бирдей ынтаа" менен бутага алган жок. Бул Ирандын аймактагы өлкөлөр менен өз алдынча мамиле курганын билдирет.

Бул согушта эң көп сокку урулган Бириккен Араб Эмираттары болду.

2020-жылы Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн Израил менен алакасын жөнгө салып алган.

Ага салыштырмалуу Оман Тегерандын бутасына көп алынган жок. Оман Иран менен Батыштын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө көптөн бери ортомчулук кылып келатат.

"Оман Ирандын жаңы жол башчысын [Можтаба Хаменеини] куттуктаган Перс булуңундагы жалгыз өлкө болду", – деп белгилейт Пинфолд. "Перс булуңундагы башка борборлордо бул кабарды жакшы деле кабыл алышкан жок".

Ошентсе да Мухаммед Бахарундун айтымында, "Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдү өзүнө каршы биригүүгө түртүүдө". Мухаммед Бахарун Дубайдагы Коомдук саясат изилдөө борборунун башкы директору.

"Перс булуңундагы мамлекеттерге кол салуу менен Иран аларды душманга айлантып, эч ким каалабаган чоң согушту тутанып кетүү коркунучу бар", – деп кошумчалайт ал.

Шаршемби күнү Сауд Арабияда өткөн Перс булуңундагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин араб мамлекеттери БУУнун 51-беренесине ылайык өздөрүн коргоо укугун баса белгилешти.

Өч алуу эмнеге жол ачышы мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бахрейндеги Ирандын учкучсуз аппаратынын чабуулунан жабыркаган имарат.

Перс булуңундагы мамлекеттер өч алуудан карманып жаткан чакта "саясий арифметика тез эле өзгөрүп кетиши ыктымал", – дейт доктор Х А Хеллиер. Ал Британиядагы RUSI аналитикалык борборунун улук изилдөөчүсү. Айрыкча эгерде энергетика экспорту үзгүлтүккө учурап же курчуп кетсе, жагдай өзгөрүшү мүмкүн.

Анын айтымында, энергетика объекттерине ири сокку урулса, кырдаал өзгөрүшү ыктымал.

Бейшемби күнү, Катардын Рас Лаффан энергетика комплексине сокку урулгандан кийин Иран эгерде өз объекттерине каршы чабуул улана берсе, анда АКШнын Перс булуңундагы шериктештерин "толугу менен кыйратууга" убада берди.

Ирандын аймактагы үзөңгүлөштөрү Перс булуңундагы өлкөлөргө түз чабуул жасаса дагы жагдай өзгөрүшү мүмкүн.

"Эгерде Хуситтердин чабуулуна туш болсо... согуштун жаңы барагы ачылышы ыктымал", – дейт Пинфолд.

Бул сценарий боюнча, Перс булуңундагы мамлекеттер бул жаңжалды АКШ жана Израилдин эле согушундай эмес, өздөрүнүн согушундай көрүшү мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бахрейндин Ситра аралындагы Bapco мунай иштетүүчү заводуна жасалган соккудан кийин көтөрүлгөн түтүн.

Кандай болсо да Перс булуңундагы өлкөлөр азырынча жооп кайтара элек. Ошентсе да, Пинфолддун айтымында, Ирандын стратегиясынын "коркунучу аябай жогору".

"Ирандыктар Перс булуңундагы өлкөлөр менен болгон алакалардын баарын бузуп жатышат. Мында ирандыктар бул согушка канчалык олуттуу карап жатканын көрүүгө болот", – дейт ал.

Хеллиердин айтымында, Перс булуңундагы мамлекеттер Иран тараптан өмүр бою кол салуу болуусун, айрыкча жарандардын бутага алынышын "кабыл албайт".

Анын оюнча, Ирандын коркунучу аябай жогору стратегиясы терс жыйынтык берип коюшу да мүмкүн. Бул стратегия Перс булуңундагы өлкөлөргө басым жасоо аркылуу Вашингтонду көзөмөлдөөнү камтыйт.

"[Алар] АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушуна каршы болгон болсо да, алардын өзүнүн коопсуздугу учурда Ирандын жообунан улам коркунучка кептелди. Ошондуктан Ирандан келе турган коркунучту токтотуу үчүн АКШнын өнөктүгүн колдоо алар үчүн мааниге ээ".