You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ички иштер министри Улан Ниязбековго коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айып пул салынды
Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук жайда тамеки чеккендиги үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты.
Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, министрге 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, ал төлөнгөн.
"Мыйзамдын талаптарын так сактоо - бардык жарандар үчүн бирдей. Ички иштер органдары жарандарды эрежелерди бузбоого жана мыйзамдуулукту сактоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарда министр Улан Ниязбековдун 20-март күнү, Айт намазы окулган эски аянтта тамеки чегип жаткан видеосу тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Анда соцтармактын колдонуучулары министрди айып пул төлөтүүгө чакырышкан.
Улан Ниязбеков 2020-жылдагы октябрь окуяларынан бери Ички иштер министри болуп иштеп келе жатат.