Аксы окуясы: "Күйөөмдүн өлгөнү бир тең, андан кийин кордолгону бир тең болгон"
Аксы окуясында каза тапкан Кадыркул Сапаралиевдин 60 жаштагы жесири Айбарча Сатыбекова Би-Би-Сиге маркум жолдошун жана андагы окуяларды эскерип, айтып берди.
"Мен анда төрт кызым менен жесир калгам, эң кичүү кызым жаңы төрөлүп, эки айлык эмчектеги кыз эле, улуу кызым алтынчы класста эле окучу" деп сөзүн баштады Айбарча.
Ал 2002-жылы 36 жашта гана болгонун эстейт. Күйөөсү Кадыркул 37 жашта эле.
"2022-жылы 17-мартта Боспиекте эл топтолуп, жолдошум Кадыркул да ал жакка барат. Ошондо тартылган видеодо да ал көрүнөт, чогулгандардын арткы жагында жүрөт. Калпак кийип, колун чөнтөгүнө салып аркада эле турат. Күйөөмдүн мүнөзү деле токтоо эле, шаңыраңдап, алдыга чыга калбаган киши болчу. Анан ал жакта ызы-чуу болуп ок атылганда алдыдагы эл артка качып, артында тургандар эмне болуп атканын түшүнбөй, анын ичинде менин күйөөм же алдыга же артка кача албай ортодо дендароо болуп калган.
Милициянын алдында калып, биринчи ок тийген адам менин күйөөм Кадыркул болгон. Биринчи ок ичинен кирип, анан омурткасына, жүлүнгө сайылып калган. Ок ичин тешип, сыртка чыгып кетсе дагы, балким, жолдошум аман калат беле... Экинчи ок көзүнө тийип, башын оюп чыккан."
"Ок тийгенде жерге, асфальтка кулап жатып калса деле Кадыркулдун жаны бар болгон экен. Балким, убагында ооруканага жеткиргенде жолдошум өлбөй деле калат беле... Милиция элди качырып ийип, өлүктөрдү жүк ташуучу машинага жүктөп жатканда тирүү болгон. Ооруканага алып келгенде деле жаны бар экен, бирок аны милиция кызматкерлери машинадан алсыз денесин асфальтка ыргытышат. Медициналык кенже кызматкерлер денесин замбилге салышып, ичкери алып кетишет. Алардын айтымында деле ал кезде тирүү экен. Ошондой кыйынчылыкты көрөт... Булар анан моргго алып кирип, денесине зомбулук кылышкан. Бычактын изи көрүнүп эле турган, денесин жууганда аны биз видеого да тартып алганбыз. Ал тергөөнүн томдорунда деле бар. Бирок анда "Боспиекте булар арак ичип алышып, бирин-бири бычак менен сайгылашып өлтүрүшкөн" деген тыянак чыгарышкан. Бирок бул такыр чындыкка жатпайт. Менин жолдошум арак ичпеген, чекпеген, сабырдуу киши эле. Бирин-бири өлтүргөн дешип, алардын көздөрүн, кулактарын кескилешкен. Күйөөмдүн өлгөнү бир тең, андан кийин кордолгону бир тең болгон. Ошентип, кыздарым менен жалгыз калдым. Мамлекетке жүгүмдү салып түйшөлткөн деле жокмун. Кыздарым чоңойду, үй-бүлөлүү болушту. Аксы окуясында эмчекте болгон кызым чоңоюп, 24 жашка чыкты. Окуп жүрөт, чет жакка магистратурага тапшырам деп жатат. Азыр 4-класста окуган неберем менен турам. 60ка чыктым. Аксы окуясы деп жыл сайын 17-мартта эскерип коюшат. Күз-кышта үйдө эркек киши болбогон соң айыл өкмөтүнөн отун камдап бериңиздер деп суранам. Бирок Токой чарбасы кечеңдетип берет. Өзүм күтпөй эле бир машинасын 15 миң сомго чейин сатып алам. Кыш ортосунан ооп калганда бирин-экин кылып, отун алып келишет. Мамлекет биз карап атабыз дейт, баары бир отун-суу, көмүр дегенден муктаж болуп калат экенсиң. Жүрөгүмдөн операция да болгом, оор жумуштарды кыла албайм. Бирок эми ага карабай тирлигибизди кылып келе жатабыз".
"Соттук иш көпкө жүрдү. Эч ким деле жазага тартылбады. Биз сөз айталы десек эле "бир миллион бергенбиз", "бир комнат үй бергенбиз" деп, мамлекет ошону бетине кармайт. Бирок эми күйөөм тирүү болсо, андайды кылмак да. Аксы окуясынан кийин төрөлгөн балдар деле боор тартып, үй алып жатпайбы", - деди Айбарча Сатыбекова.
Аксы окуясына баштан аяк көзөмөл кылган укук коргочу Азиза Абдирасулова 24 жыл өтсө дагы Аксы окуясына укуктук баа берилбегенин айтат:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Аксы окуясы тиешелүү укуктук баасын алган жок. Жети жылга жакын созулган сот иши аягына чыкпады. Үзөңгү-Куушту коргоп чыккан депутаттарды куугунтуктагандар, Бекназаровду мыйзамсыз камагандар, элди уруп-сабап камагандар, "Тайфун" операциясына кол коюп, Аксыга миңдеген куралчан күч кызматкерлерин жибергендер, тынч маанайдагы куралсыз элди аткандар, элди каралап жалган маалымат тараткандардын бири дагы мыйзамдуу жазага тартылышкан жок. Алардын көпчүлүгү кийин ар кандай мамлкеттик жооптуу кызматтарды аркалашты".
2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абал облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында укук коргоо органдары куралсыз демонстранттарга ок ок чыгарып, алты киши каза тапкан. Бул нааразылык акцияларына Үзөңгү-Кууш тилкесинин Кытайга берилишине каршы чыккан ошол кездеги Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаров камакка алынышы себеп болгон эле.
Бул окуялар 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик толкундоолордун башаты болуп калганы айтылып келет.
Сүрөттүн булагы, Azattyk Screenshot
Аксы окуясы боюнча иликтеген парламенттик жана мамлекеттик комиссиялар экөө тең анда мамлекеттик кызматкерлер, ошол кездеги президент, президенттик аппараттын жетекчилери жана дагы бир топ кишилер күнөөлүү деген тыянакка келген. Жалпы 39 кишинин фамилиясы аталып, кимдин кандай деңгээлде күнөөсү бар экени такталган. Жыйынтыгында ошол 39 адамдын үчөө гана жоопко тартылган.
Бирок 2002-жылы Аксы трагедиясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүтүмүнө ылайык, негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленген. Кийинчерээк алардын айрымдары сот жообуна тартылып, көп өтпөй мунапыс менен бошоп кеткен.
Аксы окуясынын артында ошол кездеги президент Аскар Акаев, 2002-жылы премьер-министр болгон Курманбек Бакиев турганы жөнүндө маалыматтар айтылган.
Башкы кабарлар
Редактордун тандоосу
Көп окулгандар
Баракча ачылбайт