Текебаев: "Борбор Азияга келген инвестициянын 95 пайызы Өзбекстан менен Казакстанга берилген"

Сүрөттүн булагы, Social
Соңку 30 жыл аралыгында Борбор Азия чөлкөмүнө келген инвестициянын 95 пайызы Өзбекстан менен Казакстанга багытталып, Тажикстан менен Кыргызстан дээрлик четте калган. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында отчет берип жатып билдирди.
Текебаев белгилегендей, 2018-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода көлөмү болгону 70-80 миллион долларды түзгөн.
"Бул жок деген эле сөз. Соңку жылдары соода көлөмү 2,5 эседен 5 эсеге, кээ бир учурларда 10 эсеге чейин өстү. Мунун баары геосаясий кырдаалдан жана өлкөлөрдүн артыкчылыктарынын өзгөрүшүнөн улам болду. Эң көп көрсөткүч 2023-жылы болгон. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда 429 миллион доллар болсо, Германиянын маалыматы боюнча 733 миллион еврого жеткен. Башкача айтканда, немистердин маалыматы боюнча 10 эсеге, биздин маалыматыбыз боюнча 5 эсеге өскөн",- деди Текебаев.
Инвестициялар боюнча абал да анча жакшырган эмес. Германиядан Кыргызстанга түз инвестициялар мурда жылына болгону 3-5-10 миллион доллардын тегерегинде болгон.
2022-жылдан кийин бул көрсөткүч 2,5 эсеге өскөнү менен, жалпы көлөм дагы эле өтө аз бойдон калууда.
Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы 851 миллион доллар, 2019-жылы 1 миллиард доллар, 2020-жылы 537 миллион доллар, 2021-жылы 1 миллиард доллар, 2022-жылы 1 миллиард доллар, 2023-жылы 844 миллион доллар, 2024-жылы 1 миллиард доллар, 2025-жылы 950 миллион доллар инвестиция тартылган.
"Иш жүзүндө көбөйгөн жок. Экономика өсүп жатат дегенибиз менен өсүш ашып кетсе 20 пайыздын тегерегинде гана болду. Германия менен соода көлөмү 2,5 эсеге өскөнү менен, жалпы көлөм абдан аз. Болгону 50 миллион доллар,"- деди элчи.
Текебаев белгилегендей, бул багытта өкмөт аткара турган иштер дагы эле көп. Ошол эле учурда саясий кызматташтык жакшы нукка түшкөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары, туристтердин агымы да көбөйгөн. Кыргызстанга келген Германия жарандарынын саны 29-30 миңге жетип, дээрлик эки эсеге өскөн.
Ошондой эле чет өлкөдө билим алып, иштөөгө кызыккан жаштардын саны да көбөйүп, Германияга барууну каалагандар эки эсеге, Польшага кеткендер 10 эсеге чейин өскөн.




























