"Урушуп жүрүшкөн". Терезеден кулаган эне-баланын сөөгү жерге берилди

Элвина Атабек кызы 16-апрелде 28 жашка чыкмак
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элвина Атабек кызы 16-апрелде 28 жашка чыкмак
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Өткөн ишемби күнү алтынчы кабаттан эки баласы менен кошо кулаган Элвинанын жаназасы окулду. Анын беш айлык чүрпөсү кошо жерге берилди.

Маркумдун жолдошунун эжеси Жумагүл Салиева бул окуя баарын нес кылганын айтууда. Анын билдиришинче, кайгылуу окуя болгон маалда иниси үйдө жок болчу. Эркек баласы менен туугандарыныкына кеткен.

"Булар бактылуу жашаган үлгүлүү үй-бүлө болчу. Коңшуларынан да, кесиптештеринен да сурасаңар болот. Инимди 2-курстан баштап Медицинадык академияда өзүм окуткам. Жакшы окуган. Кыргызстанда көптөгөн балдардын өмүрүн сактап калган. Кечээ нес болуп, үч саат отурдум. Кийин үйүнө бардым. Кошуналарынын айтымында, биринчи алдей түшүп кетип, анын артынан кичинекей кызы кулап, анын артынан келиним "Жаннат" деп кыйкырып, нес абалда өзүн таштап жибериптир. Кирсек, газда тамак бышып жатыптыр. Эгер суицидге барса, тамагын бышырып, жолдошун күтүп отурмак эмес. Жолдошу ошол мезгилде менин жанымда, сарайда болчу. Кой союп бер деп чакырдык эле. Экөө 2020-жылы үйлөнүшкөн, үч баласы бар. Биз эки адамды узатып, кыйын абалда турабыз. Дагы бир кызы ооруканада оор абалда. Эмне себептен милиция "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен айыптап жатканын түшүнбөй калдык. Эки күбө суралбай калыптыр. Эми баарын тактайбыз".

Келиндин кошуналарынын бири Хадича ойноп жаткан балдар терезеден кулап, аны куткарам деп апасы кошо мерт болгон болушу ыктымал деген пикирде. Анын айтымында, келиндин "Жаннат" деп катуу кыйкырган үнү кошуналарга угулган. Буга чейин маанайы суз, депрессия абалында жүргөнү байкалган эмес.

"Бет маңдайындагы кошунасымын. Бир эле дубал тосуп турат. Уруш-талаштарын уккан эмесмин. Ынтымактуу эле. Келин балдарын жакшы карачу. Балдарын сыртка жалгыз чыгарчу эмес. Өзү кошо чыкчу. Менин кызым менен ойночу ошол Жаннат деген кызы. Ишемби болгондуктан кошуналар үйдө эле, алар "топ" деп бир нерсенин кулаган үнү угушкан экен".

Бирок Бишкек шаардык милициясы ошол замат эле бул иш боюнча маркумдун 33 жаштагы жолдошун кармаган. Ага "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталды", - деп айтылат Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматта.

Милиция ал кандай факт экенин ачыкка чыгара элек. Бирок маркумдун атасынын эжеси соңку кезде үйдө чыр-чатак болуп келгенин билдирүүдө.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Ошол, биринчи кичине, экинчи чоң кызы, анан өзү кулаптыр. Өзүнүн инисине маалымат берип турчу экен. Атасы ооруп калбасын деп эч нерсе айткан эмес экен. Мураттын (күйөө баласы - ред.) сүйгөн кызы бар окшойт Ошону алам дечү экен. Бирок туугандары "Элвина жакшы, биз сени андан ажыратпайбыз" дешиптир. Чынында кудаларыбыз жакшы кишилер. "Биз силерди ажыратпайбыз" деп каршы чыгышыптыр. Кайгылуу окуя болордон бир күн мурда үйдөгү эшиктин туткалары сыныптыр. Иниси "эже, эмне болду" деп сураса, "мен жездеңди башка кыз менен кармап алдым" деген экен. Үйгө келгенде күйөө бала аны уруптур", - деди Айкан Шопокова.

Элвина менен кошо анын беш айлык чүрпөсү да чарчап калган. Беш жаштагы кызы оор абалда ооруканада. Учурда комада жатат. Бөбөктөн ахыбалын саламаттык сактоо министри өзү көрүп чыкты.

"Бейтапта баш мээсинин жабыркашы, астыңкы жаактын сыныгы, оң колдун ийин сөөгүнүн жабык жылышып кеткен сыныгы, өпкөнүн жана ички органдардын жабыркашы, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жабыркаган жаракаттары аныкталган", - деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында.

Элвина 16-апрелде 28 жашка чыкмак.

Видеонун түшүндүрмөсү, Эне-баланын сөөгү жерге берилди

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда 2025-жылы (12 айда) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 22 миң 152 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Бул 2024-жылга салыштырмалуу 28% же 4836 фактыга көп.

2025-жылы 25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирген.