Оштогу мектепте чыккан чыр. Мугалим менен ата-эне эмне дейт?

Оштогу окуянын чоо-жайы тартылган видеодон алынган кадр жана ур-токмокко кабылганын айткан мугалим.

Сүрөттүн булагы, Social Media

    • Author, Алмира Абидинова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Социалдык тармактарда "Ошто окуучунун апасы мугалимге кол салды" деген аталышта видео тарады. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бул боюнча маалымат таратты. Ага ылайык, окуя 2026-жылдын 9-март күнү Ош шаарындагы "Юниум" жеке менчик мектебинде орун алган. Учурда эки тарап бири-биринин үстүнөн милицияга арыз жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны териштире баштаганын билдирди.

"Денеме залал келтиришти"

Дээрлик үч апта мурда мугалим менен ата-эненин ортосунда чыккан чырдын видеосу интернетке эми тарап, түрдүү талкууга жем таштады. Видеодогу ур-токмокко кабылган башталгыч класс мугалим Анара Чалова "Юниум" жеке менчик мектебинде эмгектенет. Ал окуучунун тартипти бузуп, окуу процессине тоскоолдук жараткандыгынан улам ата-энесин мектепке чакырганын билдирди.

"2026-жылдын 9-март күнү биздин мектептин 1-"А" классынын окуучусу сабак учурунда бир нече жолу класстан сыртка чыгып кетип, окуу процессине тоскоолдук жаратып, тартипти бузду. Окуучунун коопсуздугун жана сабактын жүрүшүн камсыз кылуу максатында аны класска алып кирип отургузуп, ата-энесин мектепке чакырдым. Бирок окуучунун ата-энеси мектепке келгенден кийин мени негизсиз айыптап, «баламды урдуң» деген жүйө менен кол көтөрүп, денеме залал келтиришти жана абийириме шек келтирген орой сөздөрдү айтышты. Бул окуя мугалимдин ар-намысына шек келтирген, ошондой эле коопсуз эмгек шарттарын одоно бузган көрүнүш болуп эсептелет. Мен мугалим катары окуучулардын билим алуусуна шарт түзүп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу милдетимди гана аткардым. Ошол эле учурда мага карата күч колдонуу мыйзамсыз жана жол берилгис аракет деп эсептейм. Ушуга байланыштуу менин укуктарымды коргоп берүүңүздөрдү, бул окуяга укуктук баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлүшүн өтүнөм", - дейт Анара Чалова.

"Баламды темир менен сабап таштаган"

Би-Би-Си бул окуянын чоо-жайын тактоо үчүн окуучу баланын ата-энеси менен байланышып көрдү. Апасы Айзат Ормонова мугалим анын алты жаштагы баласына кол көтөргөнүн айтууда.

"Интернетте тараган видео бир тараптуу берилген. Бул мугалим менин биринчи класста окуган алты жаштагы баламды темир менен сабап таштаган. Тепкичтин түбүндө, бут кийим чече турган жерде сабаган. Тепкичтин килемин катыра турган темир болот го, ошону менен сабап таштаган баламды. Ал жерде камера жок болуп калган. Бирок экинчи класста окуган кызым баардыгын көрүп турган. "Эжеке инимди урбаңыз", - деп жалыныптыр. Ал мугалим агрессияга алдырып баламды катуу уруп таштаган. Азыр экспертиза дайындалган. Мен баланы темир менен уруп таштады дегенден кийин эмоция менен барып мугалимди чаап жибергемин. Анткени милиция чакырып бергиле деп суранганымда алар чакырган эмес", - деди окуучунун апасы Айзат Ормонова.

Маек учурунда телефонду окуучунун атасы алып, жубайынын жүрөгү ооруп турганын айтып, кепти улантты. Атасынын айтымында, экинчи класстагы кызы түшкү саат 14:30да иниси ыйлап жатканын айтып чалган. Бирок атасы сабак бүткөндө алып кетээрин айтып телефонду өчүрүп койгонун билдирди. Ал азыр ошол замат мектепке бара калбаганыма өкүнүп турам дейт.

"Балдарыбыз жеке менчик мектепте окуйт. Саат 16:00дө мектептен алабыз. Ошого мен кызыма кеч алып кетем деп койдум эле. Ыйлап жатса эч нерсе болбойт, балдар менен тартышкандыр дедим эле. Кийин жубайым мектепке барыптыр. Ал жердеги чыр учурунда жубайым милиция чакырып бергиле деп суранса чакырбай коюшат. Анан "мен кирип кой" деп Айзатты алып чыгып кеткемин. Анан "мен сыртта күтөм, сен балдардын сумкасын алып чык" деп машина жакка баскамын. Анан аялым экинчи класстагы кызымдан сураптыр, "ыйлап жатат" деп чалган экенсиң го деп. Ошондо кызым айтып бериптир: "Апа тепкичтин түбүндө темир менен инимди эжекеси уруп салды, мен барып жалынсам да болбоду", - дейт. Ошондо аялым эмоцияга алдырган бойдон кирип барып уруп жибериптир. Бул мугалим балама сабак өтпөйт негизи. Өзүнүн класс жетекчиси Умрага кеткен экен", - деди Кутман Аширалиев.

Ошондой эле окуучунун ата-энеси окуядан соң жеке мектеп тараптан аларга карата түрдүү басымдар болгонун, башка ата-энелерди аларга каршы тукурганын айтып, милицияга тиешелүү далилдер менен арыз жазганын кошумчалады.

Бирок социалдык тармактарда тараган видеодо башталгыч класс мугалимм Анара Чалова окуучуга кол көтөрбөгөнүн айткан.

Мугалим: Мен мындай ата-энеси бар экенин билгенимде бул балага такыр чыкпайт элем.

Окуучунун атасы: Ал эмне деген сөз?

Мугалим: Азыр экөөңөр келип алып бир адамга асылып жатасыңар.

Окуучунун апасы: Алты жаштагы бала го.

Мугалим: Мен биринчи жолу көрдүм силердин балаңарды. Бүгүн биринчи жолу көрдүм. Менин колум тийген жок.

"Эки тарапты элдештирүүгө аракет кылдык"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Тынчтыкбек Досмуратов окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын жана окуучунун апасы окуя болгон күндүн эртеси же 10-мартта мугалимдин үстүнөн арыз жазып мекемеге кайрылганын билдирди.

"Арызда баласы Ш.У. 1-класста окугандыгын, ал мектепте иштеген Ч.А. аттуу мугалим баласын ургандыгын жазган. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканда "Юниум" жеке менчик мектебинин директору К. Ч. жана аты аталган мугалим Ч. А. чакырылып, түшүнүк каттары алынган. Анда мугалим Ч. А. баланын тентектик кылып, улам сабакта башка окуучуларга тоскоолдук жарата бергенин жазган. Муну менен кошо аталган жагдай боюнча мугалим мектеп директорунун окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басарына билдирип, ата-энесине кабар берүүнү өтүнгөнүн кошумчалаган. Баланын апасы ошол замат келип, мугалим экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралып мугалимге кол көтөргөн", - деди Тынчтыкбек Досмуратов.

Ошондой эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгы эки тарапты элдештирүүгө аракеттер болгонун кошумчалады. Бирок эки тарап бири-биринин үстүнөн Ош шаардык милициясына арыз жазган.

"Мугалим Ч. А. билдиргендей, аны сабаган жарандын агрессиясы улам күчөй бергендиктен бул видеону соцтармактарга чыгарып салууга аргасыз болгон", - деди Досмуратов.

Милиция окуяны териштирүүдө

Учурда окуя териштирилип жатканын Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Би-Би-Сиге билдирди.

"Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө кечээ, 2-апрелде шаардагы жеке менчик мектептердин биринин мугалими арыз менен кайрылган. Ал арызында башталгыч класста окуган окуучунун ата-энеси тарабынан ур-токмокко кабылганын айтып аларга карата тиешелүү чара көрүү боюнча арыз жазган. Окуучунун ата-энеси дагы мугалимдин үстүнөн арыз жазып, анда ал 1-класстагы баласын мугалим ургандыгын билдирген. Анын алкагында бүгүнкү күндө тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Замир Сыдыков.

Мугалимдерди коргоого багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккан

Көп өтпөй Агартуу министрлиги да окуя боюнча билдирүү таратты. Анда педагогикалык кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүүгө жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын маалымат иретинде билдирген.

"Мыйзам долбоорунда кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда педагогдорго карата урматсыз мамиле жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө өзгөчө басым жасалган. Бул - кемсинтүү, орой мамиле жана башка басым көрсөтүү түрлөрүн, анын ичинде социалдык тармактагы аракеттерди камтыйт. Мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп, коомдук талкуудан өткөрүлдү. Жакынкы убакта ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Анын кабыл алынышы мугалимдердин эмгегине болгон урмат-сыйды калыптандырат жана билим берүү процессине кийлигишүүгө жол бербөөгө багытталат" -деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда мугалимдер балдарга, балдардын ата-энелери же окуучулар мугалимдерге кол көтөргөн окуялар буга чейин да катталган. Быйыл февраль айында Бишкектеги мектептердин биринин окуучусу жетимишке таяп калган агайга кол көтөрүп, мындан улам мугалим ооруканага жаткырылган. Январь айында баш калаадагы мектептердин биринде кыргыз тил мугалими сабакты билбейт деген жүйө менен окуучуну чапкылап жаткан видео коомчулукта талкуу жараткан. Ал мугалим текшерүүдөн кийин жумуштан алынган.