Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү

Сүрөттүн булагы, Official
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Иранга жалпы 129 тонна гуманитардык жүк жөнөтүлдү. Анын ичинен 66 тоннасы азык-түлүк, 63 тоннасы дары-дармек каражаттары.
"Ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана зарыл болгон медициналык каражаттар ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаасына жүктөлүп, Иран жөнөтүлдү",- деп айтылат маалыматта.
Аталган жардам согуштун кесепетинен жабыр тарткан жарандарды колдоого багытталган.
Кыргызстан менен Иран ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Ошондон бери эки өлкө саясий, соода-экономикалык жана маданий багыттарда кызматташып келет.
Кыргызстан үчүн Иран географиялык жактан Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү өнөктөш болуп саналат. Иран болсо Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө кызыкдар.
























