"Абдан татаал жана кооптуу операция". АКШ Ирандагы атып түшүрүлгөн учкучун кантип издейт?

АКШнын куткаруучу парашютчулары машыгуу учурунда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 4 мүнөт

Ирандын туштүгүндө атып түшүрүлгөн АКШнын F-15 аскердик учагынын учкучтарынын бири АКШ тарабынан куткарылып, экинчисин издөө операциясы уланып жатканын америкалык CBS каналы кабарлады.

Буга кошумча учкучтарды издөө жана куткаруу иштерине тартылган эки америкалык Blackhawk тик учагы жана бир A-10 Warthog учагы окко кабылганы айтылууда.

Ирандын IRNA мамлекеттик агенттиги учактар жаңы абадан коргонуу системаларынын жардамы менен атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Иран Ислам республикасынын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Ибрахим Золфагари Иранда чыгарылган абадан коргонуу жабдыктары АКШ жана Израилди "уят кылганын" айтып, аталган жаңы системалар ишке киргени менен өлкө өзүнүн аба майданы толук көзөмөлүнө ала турганын билдирди.

АКШ президенти Доналд Трамп Truth өзүнүн Social баракчасында Иран 48 сааттын ичинде АКШ менен макулдашууга барбаса же Ормуз кысыгын ачпаса, аларга "тозокту көрсөтөрүн" жарыялады.

a screenshot of DJT post

Сүрөттүн булагы, SOCIAL

Жума күнү тартылган видеолордо Ирандын Хузестан провинциясынында АКШнын аскердик тик учактары жана кеминде бир май куюучу учак учуп жүргөнү көрүнөт. BBC Verify бул видеолор чын болгонун тастыктады.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу, полиция жана жергиликтүү тургундар учкучтун конгон жерин аныктоо жана аны колго түшүрүү боюнча иш алып барып жатканын Ирандын Fars маалымат агенттигини жазып чыкты. Иран бийлиги жарандарын учкуч тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо, мамлекеттик органдарга кайрылууга чакырды.

Ошондой эле учак түшкөн Кохгилуйе жана Бойерахмад провинцияларынын ишкерлери учкучту колго түшүргөндөргө 100 миллиард риал (болжол менен 70 миң доллар) сыйлык берилерин убадалашты.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ирандын түштүгүндө учуп жүргөн АКШ тик учактары жана дагы бир учагы видеого тартылганы айтылууда

Аскердик издөө жана куткаруу операциясы (CSAR) деген эмне?

Аскердик издөө жана куткаруу операциялары (CSAR) АКШ куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери көргөн эң татаал даярдыктардын бири болуп эсептелет.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жалпак тил менен айтканда, CSAR миссиялары – бул жардамга муктаж аскерлерди, мисалы, атып түшүрүлгөн учкучтарды табуу, аларга жардам берүү жана куткаруу максаты менен аткарылган аскердик иш-аракеттер.

Кадимки издөө-куткаруу иштеринен айырмаланып, CSAR операциялары душмандар жайгашкан же согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактар сыяктуу кооптуу чөйрөлөрдө ишке ашырылат.

Айрым учурларда – Ирандагы окуяны мисалга алсак – бул миссиялар душмандын терең тылында өтүшү мүмкүн.

CSAR операцияларында атайын даярдыктан өткөн АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн элиталык бөлүмдөрү катышат. Адатта алар учактардын атып түшүрүүлүсү ыктымал болгон жаңжал аймактарына жакын жерлерге алдын ала жөнөтүлөт.

Издөө-куткаруу иш-аракеттерине көбүнчө тик учактар катышат. Аларды май куюучу учактар жана операция жүрүп жаткан аймакка көз салып, сокку урууга даяр турган башка аскер учактары коштоп турат.

Куткаруучу парашютчулар (пара-куткаруучулар) отрядынын мурдагы командири CBS News телеканалына билдиргендей, Ирандагыдай куткаруу операциясына кеминде 24 куткаруучу парашютчу катышат.

Анын айтымында, дайыны жок экипаж мүчөсү менен байланышуу түшүрүлгөн десанттын башкы максаты болуп саналат. Локациясын аныктап, учкучту тапкандан кийин куткаруучулар зарыл болгон учурларда ага медициналык жардам көрсөтүп, душмандан жашынып, тик учактын учуп келүүсү мүмкүн болгон коопсуз жерге чейин жеткиришет.

"Бул ишти "аябай татаал жана кооптуу операция" деп айтуу да өтө жумшак болуп калат, – деди мурдагы командир. – Бирок пара-куткаруучулар дал ушундай миссиялар үчүн атайын машыгышат. Алар Аскердик-аба күчтөрүнүн 'Швейцария бычагы' деген лакап аты менен таанымал".

АКШнын деңиз жөө аскерлеринин атайын операциялар боюнча мурдагы адиси Жонатан Хакетт Би-Би-Сиге билдиргендей, куткаруу топтор алгач учкучтун жашоо белгилерин издейт.

"Куткаруучулар ал адамдын акыркы жолу катталган дайынынан баштап, учкуч түшкөн жактагы татаал рельефте түрдүү шарттарга карай ал кишинин кандай аралыктарга жылууга дараметин болжолдоп, издөө аймагын кеңейтишет", - деди Хакетт.

Анын айтымында, мындай куткаруу иш-аракеттеринде жергиликтүү тургундар менен алдын ала байланыш түзүлүп, керек болгон учурларда алардын операцияга көмөктөшүүсү макулдашылат.

Chatham House аналитикалык борборунун талдоочусу Лорел Рэпп Би-Би-Синин Today программасына берген маегинде экипаж мүчөсүн колго түшүрүү Иран үчүн АКШ менен сүйлөшүүлөрдө колдонулчу "чоң байге" жана "абдан күчтүү курал" болорун белгиледи.

CSAR операцияларынын тарыхы

US rescue mission in Vietnam war

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Абадан куткаруу миссияларынын тарыхы Биринчи дүйнөлүк согуштан чыгып келет. Анда Франциядагы учкучтар атып түшүрүлгөн кесиптештерин куткаруу үчүн жерге конуу адатын баштаган.

Ал эми АКШнын пара-куткаруучу бөлүктөрү өз тарыхын 1943-жылдан санап келишет. Ал кезде эки аскердик хирург жарадар аскерлерге жардам берүү үчүн ошол учурдагы Бирмага (азыркы Мьянма) парашют менен секирип түшкөн.

Дүйнөдөгү алгачкы тик учак менен куткаруу аракети 1944-жылы катталган. Анда АКШ аскери туткунда жүргөн төрт мекендешин жапондордун тылынан куткарып чыккан. Бул окуя согуш талаасында тик учактын биринчи жолу колдонулушу катары да тарыхта калган.

АКШнын атайын издөө-куткаруу бөлүктөрү дароо согуштан кийин түзүлгөн. Бирок заманбап CSAR операцияларынын түшүнүгү Вьетнам согушу учурунда калыптанган.

"Bat 21" деп аталган миссиялардын бири Түндүк Вьетнамдын тылында атып түшүрүлгөн учкучту куткаруу аракети учурунда бир нече учактын жоголушуна жана көптөгөн америкалыктардын өлүмүнө алып келген. Бул тажрыйба кийинки аскердик издөө-куткаруу операцияларынын пайдубалын түзгөн тактика жана процедураларды иштеп чыгууга жардам берди.

АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн куткаруучу парашютчулары

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн ар бир тармагында өзүнүн издөө-куткаруу жумуштарын аткарууга мүмкүнчүлүктөрү бар болсо да, аскер кызматкерлерин издөө жана куткаруу боюнча жоопкерчилиги негизинен Аскердик-аба күчтөрүнүн куткаруучу парашютчуларына (пара-куткаруучуларына) жүктөлгөн.

Пара-куткаруучулар куралдуу күчтөрдүн атайын багыттагы бөлүмдөрүнө кирет. Алар аскердик жана медициналык даярдыктан өтүшөт. Пара-куткаруучу бөлүктөрүнө тандоо жана машыгуу процесси АКШ армиясындагы эң оор сынактардан бири болуп эсептелет.

Бул жараян парашют менен секирүү, сууга секирүү, суу астында диверсия жасоо, түрдүү курал-жарактарды колдонуу, экстремалдык шарттарда иштөө, медициналык жардам көрсөтүү, адамдарды эвакуациялоо жана башка ушул сыяктуу курстарды камтыйт.

Пара-куткаруучу топтор Ирак жана Ооганстан согуштарында кеңири колдонулган.

Мисалы, алар 2005-жылы буктурмага кабылып, жанындагы үч кесиптеши каза болгондон кийин ооган айылында жашынып жүргөн америкалык аскерди куткаруу операциясында катышкан. Бул окуянын негизинде 2013-жылы "Аман калган" (Lone Survivor) тасмасы тартылган.

Lone Survivor movie promo

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Атып түшүрүлгөн АКШ учкучтарын куткаруу операциялары акыркы жылдары сейрек кездешкен. 1999-жылы Сербияда атып түшүрүлгөн F-117 истребителинин учкучу пара-куткаруучулардын жардамы менен табылып, эвакуацияланган. 1995-жылы Скотт О'Грэйди аттуу учкуч Боснияда атып түшүрүлгөндөн кийин алты күн бою душмандан жашынып жүрүп, Аскердик-аба күчтөрү жана деңиз жөө аскерлеринин биргелешкен CSAR иш-аракеттеринин натыйжасында куткарылган. О'Грэйдинин окуясы кийин "Душмандын артында" (Behind Enemy Lines) аттуу тасмада чагылдырылган.