Чыңгыз Айдарбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү президентке кайрылды

Сүрөттүн булагы, Official
Коомдук сайттарда Nº21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Чыңгыз Айдарбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан жазылган кат тарады. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Айдарбековго депутаттык мандат берүүнү мыйзамсыз кечиктирип жатканы айтылат.
2026-жылдын 10-мартында Nº21 көп мандаттуу шайлоо округунан келген Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиев мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырган.
Тизме боюнча анын ордуна шайлоочулардын 6259 добушун алган Чыңгыз Айдарбеков келиш керек болчу. Бирок ал дале мандат ала элек.
Ыйгарым укуктуу өкүл тийиштүү мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерди үч күндүн ичинде каттоого алып, ага депутаттык мандатты тапшырууга милдеттүү экенин жазган.
"2026-жылдын 10-мартында БШК Ички иштер министрлигине Айдарбековдун соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымат алуу өтүнүчүн жөнөткөн, ага жооп алынган. Бирок 17-марттан баштап БШК Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен кошумча текшерүүлөрдү баштады. БШК 28 күндөн бери Чыңгыз Айдарбековго депутаттык мандат берүүнү жана каттоону негизсиз кечиктирип келет. Талапкерге мандат бербөөнүн бирден-бир жолу, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же соттуулугунун болушу. БШКнын жетекчилиги жана мүчөлөрү ооз эки жана массалык маалымат каражаттары аркылуу кошумча иликтөө жүргүзүүнү зарыл деп билдиришти. Ошондуктан Ички иштер министрлигинен жана Тышкы иштер министрлигинен маалымат күтүп жатышат",- деп айтылат анда.
Ал социалдык тармактарда Чыңгыз Айдарбековдун кадыр-баркына шек келтирген видео тарап жатканын жазган.
Андан тышкары, мыйзамга ылайык БШК ушул этапта мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу жок экенин кошумчалаган.
Ошондой эле ал мандат тапшыруунун кечиктирилишине чара көрүүнү жана Айдарбековдун укуктарынын калыбына келтирилишин суранган.
Чыңгыз Айдарбеков былтыркы парламенттик шайлоого Бишкектеги №21 шайлоо округунан катышып, эркек талапкерлер арасынан Жаныбек Абиров менен Куванычбек Конгантиевден кийин келип, 6259 (15,7%) добуш алган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Би-Би-Сиге комментарий берип, Айдарбеков боюнча Ички Иштер министрлигинен маалымат күтүп жатышканын айткан.
"Ички иштер министрлигинен маалымкат келе элек. Талапкер болгондо текшерген эмес белеңер деп да сурап жатышат. Ал убакта деле текшергенбиз. Тартип ошондой, шайлоо бүткөн маалда биз ошол текшерүүбүз менен эле мандатын бере беребиз. Ал эми кийин келип, мандат алып жаткандарды кайрадан ИИМден тактайбыз. Мисалы, азыр Бекмурза Эргешев деген депутаттын үстүнөн да анын соттуулугу тууралуу арыз түшкөн. Ал боюнча дагы ИИМден маалымат күтүп жатабыз", - деди Узарбек Жылкыбаев.





























